Караңгыда телефон караган кыз. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме

824
(жаңыланган 11:07 19.11.2019)
Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясын берүү борбор калаанын көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эртең, 19-ноябрда, Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 15.00-17.00 — Алтын-Ордо конушундагы Кадырбай-Ата, Субанов, Акматов көчөлөрү;
  • 09.30-15.00 — Төкөлдөш конушундагы Төкөлдөш, Армейская көчөлөрү, Төкөлдөш туюк көчөсү;
  • 10.00-18.00 — Арык, Эмгек, Биримдик, Надырбек көчөлөрү, Коллективный туюк көчөсү;
  • 09.00-18.00 — Арча-Бешик конушундагы Жаңы-Турмуш, Нарын, Аксы, Ысык-Көл, Масыралиев, Ош 3000, Садыбакасов, Абдрахманов, 16, 17, Матисаков көчөлөрү;
  • 09.00-18.00 — Ынтымак конушундагы Хаперская көчөсү;
  • 09.00-18.00 — Калыс-Ордо конушундагы 10-15-көчөлөр, Кулатов, Оренбургская көчөлөрү;
  • 09.00-18.00 — Коенкөзов, Фрунзе, Манас, Исанов, Фучик, Киев көчөлөрү.
824
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Оштун эки ири аймагында жарык өчөт
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

118
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

118
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado

Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 

88
(жаңыланган 22:57 26.01.2021)
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.

Ал эми президенттин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап берүүнү убадалашты.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

88
Белгилер:
белек, автоунаа, Каракол
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты