Акча. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны көбөйдү

147
(жаңыланган 11:10 19.11.2019)
Быйыл алынган насыялардын көпчүлүгү айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө жумшалган. Ошондой эле соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө ишкерлик кылууну каалагандар чакан насыя берчү жайларга көп кайрылышат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу быйыл микрокредит алгандардын саны 35 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Тагыраагы, январь-сентябрь айларында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 460 миң адамга 22 миллиард сом насыя берилген.

Чакан кредитти эң көп Ош облусунда алышты (микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21 пайызы). Андан соң Бишкек шаары (19,1 пайыз), Жалал-Абад (14,1 пайыз) жана Чүй облустары (13,9 пайыз) турат.

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 31,8 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (26,5 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (12,7 пайыз) чыкты.

147
Белгилер:
Кыргызстан, насыя, Банк, кардар
Тема боюнча
Эсеп палатасы: Кыргызстан насыяны өздөштүрө албаганы үчүн чыгымга учуроодо
Батиримди күрөөгө коюп кредит алганым чоң ката болду. Ишкер айымдын маеги
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. долларлык насыя жана грант берет
Бала бакча аччуларга жеңилдетилген насыя каралган. Вице-премьер Өмүрбекованын маеги
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова

Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт

0
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова борбор калаадагы күндүзгү стационарлар тынымсыз иш алып барып жатканын айтты.

 

Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт

 

 

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлардагы медиктер алгачкы күндөрү жетишпей, буту-колдору шишип кеткенге чейин иштеп жатышты. Бейтаптар медиктерге ыраазычылыгын билдирип, бетинен өөп жибергиси келип жатат. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды

Анын айтымында, Бишкек шаарынын төрт районунда экиден стационар бейтаптарды кабыл алып, ал эми бирөөсүндө үчүнчү күндүзгү стационар ачылууда.

"Бишкек шаарындагы стационарлардагы 790 орунга 8-июлда 8 086 адам кабыл алынып, 6 673 киши дарыланып, 1 349 адамга консультация берилди. Булардын ичинен 57 жаранга тез жардам чакырылып, ооруканаларга жеткирилди. Тилекке каршы, жети жаран көз жумду. Эртең мененки 8:00дөн кечки 20:00гө чейин дарыгерлер кызмат көрсөтүшүүдө. Алгачкы күндөрү медиктер жетишпей, буту-колдору шишип кеткенге чейин иштешти. Кийинки күндөрдө эки топко бөлүнүп иш алып барышууда. Мэрдин тапшырмасы менен бейтаптардын ПЦР-тести бар-жогуна карабастан жардам көрсөтүлүүдө. Бул жакта иштеген дарыгерлердин тамак-ашы, транспорту жана жашаган жери камсыздалган. Бейтаптар медиктерге ыраазычылыгын билдирип, бетинен өөп жибергиси келип жатат. Абалга жараша жеке каражаттары жана вирустун жугуу коркунучунан улам анте алышпайт", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал акыркы убактарда сакайып чыккан бейтаптардын саны көбөйүп калганын кошумчалады.

0
Белгилер:
дарыгерлер, мэрия, бейтап, Гуля Алмамбетова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эми мечиттерде жума намаз окулбайт. Муфтияттын билдирүүсү
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Өпкө дарыгери пневмонияда керектелчү аппараттар тууралуу айтып берди

3
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова пневмонияга чалдыккан учурда кандай аппараттар керектелери жана алардын бааcы тууралуу айтып берди.
Өпкө дарыгери пневмонияда керектелчү аппараттар тууралуу айтып берди

Пульсоксиметр өпкөгө кычкылтектин кандай деңгээлде жетип жаткандыгын текшерет. Бул бейтаптарга караганда дарыгерлерге көбүрөөк керектелүүчү аппарат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калк арасында пневмонияга чалдыкканда колдонуучу аппараттарды "ооруп калсам иштетем" деп алып койгондор да бар.

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

"Адам пневмонияга кабылганда алгач анын өпкөсүнө канчалык деңгээлде кычкылтек жетип жаткандыгы текшерилет. Бул аппарат пульсоксиметр деп аталып, баасы 3000 сомдон 100 долларга чейин жетет. Муну көбүнесе дарыгерлер сатып алат. Наркындагы айырма анын чыгарылган өлкөсүнө жараша болот. Пульсоксиметр менен ченеп алган соң өпкөсү ооруга чалдыккан адамга кычкылтек концентратору керек болот. Анткени сезгенген өпкө тийиштүү деңгээлде өз функциясын аткара албай, канга кычкылтек жетпей адам энтигип кыйналат. Учурда кычкылтек концентраторлорунун баасы 800 доллардан 5000 долларга чейин болууда. Кытайдан чыгарылгандардын баасы эң арзан болсо, Америка, Европа өлкөлөрүнөн келгендери кымбат турат. Мындан сырткары, Россия жана Түркия мамлекеттери да кычкылтек концентраторлорун чыгарат. Азыр калк арасында дал ушул жабдууга муктаж болгондор көбөйүүдө. Бирок эл арасында "ооруп калсам иштетем" деп алып койгондор да жок эмес экен. Аларды учурда муктаж болуп турган жарандарга бере туруусун суранат элем", — деди Естебесова.

Дарыгер пульсоксиметр менен ченегенде дени сак адамдын өпкөсүнө кычкылтектин баруусу 95 пайыздан жогорку ченемди көрсөтүп турушу керектигин кошумчалады.

3
Белгилер:
кычкылтек концентратору, коронавирус, аппарат, пневмония
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
9 000ден ашты! Коронавирус дагы 511 кишиден табылды