Жогорку Кеңеште депутаттардын отуруму. Архивдик сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаттары балдардын катышуусунда сессия өткөрөт

154
(жаңыланган 15:58 19.11.2019)
Сессияга бардык аймактардан келген 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар катышат. Жыйын 20-ноябрга белгиленди.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын катышуусунда сессия өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган жыйын 20-ноябрда Балдардын дүйнөлүк күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

Парламенттик сессияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 жаштан 16 жашка чейинки 25 бала катышат. Анын алкагында балдар өздөрүнүн укуктары жана Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлери менен бөлүшөт.

154
Белгилер:
конвенция, сессия, депутат, бала
Тема боюнча
Майыптыгы бар бала министрдин милдетин аткарат. Акциянын чоо-жайы