ӨКМ: Бишкектин абасы кир бойдон калууда

Жазылуу
Дем алыш күндөрү социалдык тармактарга Бишкектин үстүн коюу түтүн каптаганын жазышкан. Ал эми айрым колдонуучулар атмосферанын абалын көзөмөлдөгөн кээ бир уюмдардын Бишкектеги абанын кир экенин жазганын билдиришкен болчу.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги Бишкек шаарында 16-ноябрдан 19-ноябрга чейинки абанын тазалыгы боюнча билдирүү таратты.

Обильные осадки в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Бурганактан улам Нур-Султандагы мектептерде окуу токтоду
Ага ылайык, белгиленген күндөрү Бишкектин абасы кир болгон.

Кыргызгидрометтин Жаратылыштын кирдегенин байкоо башкармалыгынын башчысы Людмила Нышанбаеванын айтымында, Бишкектеги аба кир, бирок белгиленген нормадан ашкан эмес.

Ал эми 19-ноябрь саат 8:00гө алынган маалымат боюнча, күкүрт диоксиди, азот оксиди менен диоксидинин көлөмү Кыргызстанда кабыл алынган санитардык-гигиеналык нормативден ашкан эмес.

"Жалпысынан айтканда, өткөн суткаларда Бишкек шаарындагы абанын булганышы жогору экени белгиленген", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарга Бишкектин үстүн коюу түтүн каптаганын жазышкан.

Ал эми айрым колдонуучулар атмосферанын абалын көзөмөлдөгөн кээ бир уюмдар Бишкектеги абанын кир экенин жазганын билдиришкен болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0