Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады

© пресс-служба мэрии города БишкекСтроительство нового детского сада на улице Тыныстанова в Бишкеке
Строительство нового детского сада на улице Тыныстанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштерине жалпы жонунан 35 миллион 602 миң сом сарпталат. Бакча 2020-жылдын күз айларында балдарды кабыл ала баштайт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бакча Тыныстанов көчөсүндөгү (Токтогул менен Москва көчөсүнүн ортосу) мурдагы Биринчи май райондук салык инспекциясынын имаратынын ордуна курулууда. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады
Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин чок ортосуна бала бакча курула баштады
"Учурда даярдык иштери менен кошо котлован казылып жатат. Имарат эки кабаттуу болуп, аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерине жалпы жонунан 35 миллион 602 миң сом сарпталат", — деп айтылат маалыматта.

Мектепке чейинки мекеме 100 балага ылайыкталган. Аны долбоорлоо жана куруу боюнча буйрукка үстүбүздөгү жылдын жай айында мэр Азиз Суракматов кол койгон. Подрядчы — "Эм Эс Билдинг" компаниясы.

Бакча 2020-жылдын күз айларында балдарды кабыл ала баштайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0