АКШ долларлары. Архив

УКМК экс-прокурордун иши боюнча "жоголгон" 200 миң доллар тууралуу үн катты

322
(жаңыланган 10:52 20.11.2019)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы жалган маалыматтар УКМКнын кадыр-баркына шек келтирүү үчүн атайылап жайылтылып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. УКМК мурдагы прокурордун иши боюнча жоголду делген 200 миң доллар боюнча өз түшүндүрмөсүн берди.

Ага ылайык, социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда 200 миң доллар жоголду делген маалымат чындыкка дал келбейт.

Белгилей кетсек, бир катар ЖМК Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Улан Чалбаев пара алып жаткан жеринен кармалып, далил катары алынган каражат УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен жоголуп кеткенин жазышкан.

УКМКнын билдиришинче, экс-прокурордун ишин тергөө аяктап, сотко жөнөтүлдү.

"200 миң доллар жоголгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Муну менен Мамлекеттик комитеттин жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулукка жаман көрсөтүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 2018-жылы 16-апрелде Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан. Ал эми февраль айында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аталган ишке катыштыгы бар деп дагы төрт киши кармалганын билдирген болчу.

322
Белгилер:
пара, акча, УКМК, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
200 миң доллар пара алып кармалган аткаминердин баш коргоо чарасы аныкталды