Жол кызматкери. Архивдик сүрөт

"Коопсуз шаар": 4-марттан тарта 457 миллионго чукул айып пул төлөндү

106
(жаңыланган 11:34 21.11.2019)
Бишкек шаары менен Чүй облусунун камера орнотулган жерлеринде жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлардын азайганы маалымдалды.

БИШКЕК, 20-ноя. — Spuitnik. Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору башталгандан тарта 19-ноябрга чейин жол эрежелерин бузган 809 миң 550 токтом жазылып, автоунаа ээлерине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.

Жогорудагы токтомдордун ичинен 379 миң 464 эреже бузуудан айып пул төлөнгөн. Тагыраагы, түшкөн акчанын көлөмү — 456 миллион 529 миң сом болгон.

Муну менен кошо эле Бишкек шаары менен Чүй облусунун камера орнотулган жерлеринде жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлардын азайганы байкалган.

"Борбор калаада төмөндөө 45,1 пайызды (113төн 62ге чейин) түзүп, каза тапкандар болгон эмес, жаракат алгандар азайган. Ал эми Чүй дубанында 50,0 пайыз азайып, бирөө көз жумса, жаракат алгандардын көрсөткүчү төмөндөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген. Бирок жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салуу 4-марттан тарта башталган.

106
Белгилер:
долбоорлор, Коопсуз шаар, Чүй облусу, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте миңден ашык камера орнотулат
COVID-19 оорукананын медициналык кызматкерлери

606 жаңы учур. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын статистикасы

40
(жаңыланган 11:31 25.10.2020)
Өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган. Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 606 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 279 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 36;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 97;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Жалал-Абад облусу – 184;
  • Баткен облусу – 105.

Айыккандар:

  • Бишкек – 53;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 25;
  • Ош облусу – 73;
  • Талас облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 30.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 55 750гө жетти. Анын ичинен 47 616сы айыгып, 1 134 бейтап көз жумду.

Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

Бир суткада 6 медиктен коронавирус табылган. Алар:

  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3.

Ошол эле учурда 15 медкызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

40
Белгилер:
бейтап, медик, оору, статистика, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды
COVID-19 ооруканасынын бөлмөдөгү медициналык кызматкер жана бейтап

Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды

26
(жаңыланган 11:39 25.10.2020)
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19дан көз жумгандардын жаңы учурлары:

  • Чүй облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда COVID-19 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.

26
Белгилер:
өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19: Бишкекте бош оруну бар ооруканалардын тизмеси
Хабиб Нурмагомедов менен Джастин Гаджи UFCнин жеңил салмактагы чемпион титулу үчүн беттешүүдө

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

14
(жаңыланган 11:55 25.10.2020)
Хабибдин командасынан билдиришкендей, турнирге аз убакыт калганда спортчунун эки манжасы менен таманындагы бир сөөгү сынган. 

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы Дана Уайт россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы Жастин Гэтжи менен кармашарга үч жума калганда бутун сындырып алып ооруканага кайрылганын билдирди. Бул тууралуу Р-спорт жазды.

"Нурмагомедов кармашка үч жума калганда бутун сындырып алып, ооруканага түшүптүр. Анын эки манжасы менен таманындагы бир сөөгү сынган. Муну мага мушкердин командасынан айтышты", — деген Уайт журналисттерге.

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Жекшембиге караган түнү Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, Нурмагомедов Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын сактап калды. Беттештен кийин Хабиб спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.

14
Белгилер:
беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео