Аэропорттон табылган сөөк. ИИМ дагы бир шектүүнүн сүрөтүн жарыялады

Жазылуу
Буга чейин аталган кылмышка шектүү катары эки киши кармалган. Экөө тең мурда бир нече жолу соттолгон жарандар. Үчүнчүсүн издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги бир ай мурда “Манас” аэропортунда сөөгү табылган такси айдоочусунун өлүмүнө шектелип жаткан жарандын сүрөтүн жарыялады.

© Фото / пресс-служба МВД КРПодозреваемый в причастности к убийству таксиста, тело которого было найдено на парковке аэропорта "Манас"
Аэропорттон табылган сөөк. ИИМ дагы бир шектүүнүн сүрөтүн жарыялады - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в причастности к убийству таксиста, тело которого было найдено на парковке аэропорта "Манас"

Учурда аталган кылмышка шектүү катары эки иши кармалган. Бири мурда уурулук, каракчылык жана зордуктоо боюнча бир нече ирет соттолгон 27 жаштагы Чүйдүн тургуну. Экинчиси болсо 32 жаштагы Ош облусунун тургуну, ал аткезчилик жана баңги зат сактоо боюнча кылмыш жазасына тартылган. 

"Такси айдоочусу акча ташып келе жаткан. Буга кармалгандардын жанынан табылган 100 миң доллардан ашык акча далил болду. Учурда кылмышка дагы бир шектүү катары Ош облусунда туулуп-өскөн 28 жаштагы Мамарасул уулу Акжол изделип жатат. Ал мурда каракчылык, ээнбаштык жана мүлктү атайылап жок кылуу боюнча соттолгон”, — деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0