Бишкекте коомдук транспортко электрондук билет кабыл алчу жабдыктар орнотулууда

© Sputnik / Зульфия ТургуноваВнедрение электронного билетирования в общественном транспорте Оша
Внедрение электронного билетирования в общественном транспорте Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сом. Ал эми чоңдорго 495 сом. Картанын өзү 50 сом турат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспортторго электрондук билеттерди кабыл алган жабдыктар орнотулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда адистер автобустар менен троллейбустарга 140ка жакын жабдыкты орнотуп жатышат. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте коомдук транспортторго электрондук билеттерди кабыл алган жабдыктар орнотулуп жатат
Бишкекте коомдук транспортко электрондук билет кабыл алчу жабдыктар орнотулууда - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коомдук транспортторго электрондук билеттерди кабыл алган жабдыктар орнотулуп жатат

Кечээ, 20-ноябрда, дагы 240 жабдык алып келинген. Алар жума ичинде муниципалдык транспорт ишканаларына жеткирилет.

"Жакында шаар тургундары менен коноктору электрондук билеттерди колдоно алышат. Билеттер почта бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде жана тармактык дүкөндөрдө сатыла баштайт. Окуучуларга өздөрү окуган мектептен берилет", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сом. Ал эми чоңдорго 495 сом. Картанын өзү 50 сом турат.

"Тулпар" төлөм картасы келечекте универсалдуу системага айланып, бардык жакта колдонууга шарт түзүлөрү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0