Бир тууган Матраимовдор бир жылда канча акча тапкан? Декларация

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов
Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Матраимовдун жакын туугандары 4 миллион 5 миң сом иштеп тапса, кайра эле 4 миллион 80 миң сом коротушкан.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өткөн жылы 901 миң сом, ал эми анын иниси, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов 2 миллион 334 миң сом иштеп тапкан.

Искендер Матраимов

Киреше жана чыгаша тууралуу декларацияда Искендер Матраимовдун жер участогу (214, гектар же сотых экени көрсөтүлгөн эмес), аянты 82,4 чарчы метрлик үйү бар экени көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбековдун кирешеси бир жылда 3 эсе азайып кетти
Ал эмеректерди 290 миң сомго жана тиричилик техникаларын ушундай эле суммага баалаган. Мындан сырткары, депутаттын 5 миллион сомдук жылкылары бар. Ал эми унаасы жок.

Матраимовдун жакын туугандары 4 миллион 5 миң сом иштеп тапса, кайра эле 4 миллион 80 миң сом коротушкан.

Алардын менчигинде 176,9 чарчы метрлик үй, курулуштар (дээрлик 2 миң чарчы метр) жана участок бар. Мындан тышкары, "Автостолица" ЖЧКсынын жарымына ээлик кылышат.

Тилекбек Матраимов

Кара-Суу районунун башчысы аянты 900 чарчы метрлик үйгө жана 0,59 гектар жерге ээлик кылат. Аттары менен майда жандыгын 1 миллион сомго баалаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Үч үйүр жылкы, 500 кой-эчки. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кандай байлыгы бар
Жакын туугандары болсо 1,7 миллион сом иштеп тапкан. Ошондой эле менчигинде 1000 чарчы метрлик үйү, эки батири (165,5 жана 52,93 чарчы метр) бар.

Эмеректерин 450 миң сомго, тиричилик техникасын 423 миң сомго, зер буюмдарын 860 миң сомго баалашкан. Мындан башка кыймылдуу мүлкү дагы бар (350 миң сом).

Искендер жана Тилекбек Матраимовдор Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раим Матраимовдун бир туугандары. "Азаттыктын" журналисти Али Токтакуновдун иликтөөсүндө Раим Матраимовдун үй-бүлөсү чет өлкөгө ири сумманы чыгарып кеткени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0