12 үй, 25 млн. сомдук киреше. Бишкек мэри Суракматовдун декларациясы

© пресс-служба мэрии города БишкекМэр Бишкека Азиз Суракматов встретился с жителями Первомайского района
Мэр Бишкека Азиз Суракматов встретился с жителями Первомайского района  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын мэри ээлик кылган батирлердин жалпы аянтын эсептегенде 1 510 чарчы метрге жетет. Андан сырткары, жакындарынын да үч батири бар.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 12 турак жайга ээлик кылат. Бул тууралуу 2018-жылга карата тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Бир тууган Матраимовдор бир жылда канча акча тапкан? Декларация
Былтыр, август айында, борбор калаанын мэри болуп шайланган Суракматов бир жылда 433 079 сом киреше тапкан. Ал ээлик кылган 11 батирдин аянтын эсептегенде 1 510 чарчы метрге жетти. Бир дачасынын көлөмү 83 чарчы метрди түзөт. Андан башка 15 сотых жер тилкеге ээлик кылат. Ошондой эле Lexus LX570 үлгүсүндөгү автоунаасы бар.

Калаа мэринин жакын туугандары бир жылда 25 миллион 912,5 миң сом иштеп тапкан. Ал эми чыгашасы 822 миң сомду түзөт. Алар жалпы аянты 534,5 чарчы метр болгон үч батирдин кожоюну. Ошондой эле 8 сотых жер тилкеси жана BMW автоунаасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0