Бөлмө. Архив

Жатаканалардагы жашоо-шарт жакшыртылмай болду. Министрдин буйругу

123
(жаңыланган 12:48 22.11.2019)
Буйрукта коопсуздукту камсыздоо, окуу, эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды түзүү боюнча айтылган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жатаканаларындагы студенттердин жашоо-шартын жакшыртуу аракеттери башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бул боюнча буйрук чыгарган.

"Буйрукка ылайык, ар бир окуу жайдын жетекчилери бир жумалык мөөнөттө жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканаларындагы жашоо-шартты текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча планын бекитиши зарыл", — деп айтылган.

Анда жатаканалардын имараттарын капиталдык, утурумдук оңдоо, ал жайлардагы жашоо коопсуздугун камсыздоо, окуу жана эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо сыяктуу бир топ маселелер каралган.

Мындан сырткары, студенттерди акысыз WI-FI менен камсыздоо жагы каралышы абзел экенин, жатаканада жашаган студенттер үчүн медициналык тейлөөнү камсыздоо тууралуу да айтылган.

Буйруктун негизинде окуу жайлардын жетекчилери жатакана шартын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу Кесиптик билим берүү башкармалыгына маалымат берип турууга милдеттендирилген.

123
Белгилер:
шарт, жатакана, Каныбек Исаков, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Гонконгдогу башаламандыктан улам 30дай кыргызстандык студент кайтып келди
Акматова: чет өлкөгө барып сапаттуу билим алып келүү биз ойлогондон да жеңил
Шанкар Курхейд (48 лет) носит свою маску, сделанную из золота, и позирует для фотографии на фоне распространения коронавирусной болезни (COVID-19) в Пуне, Индия, 4 июля 2020 года

4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы

0
Индиялык жаран ага мындай идея күмүш бет капчан адамды көргөндө келгенин айтты. Алтындан жасалган бат каптын салмагы 2,5 килограмм.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Индиялык Шанкар Кураде күмүш бет капчан кишини көргөндөн кийин коронавирустан коргонуу үчүн баасы 4 миң доллар турган алтын бет кап жасаткан. Бул тууралуу РИА Новостиге өзү айтып берген.

Шанкар Курхейд (48 лет) носит свою маску, сделанную из золота, и позирует для фотографии на фоне распространения коронавирусной болезни (COVID-19) в Пуне, Индия, 4 июля 2020 года
© REUTERS / STRINGER
Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар
"Мага ошондо алтын бет кап тууралуу идея келди. Негизинен алтынды абдан жакшы көрөм, дайыма салмактуу алтын чынжырларды, шакектерди тагынып жүрөм. Алтын бет кап тагынууга эмнеге болбосун деп жергиликтүү зергерге буюртма бердим" , — деди ал.

Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар.

"Эффективдүүлүгү тууралуу айта турган болсок... Биздин билишибизче, бет кап жалгыз өзү коргой албайт, ал үчүн аралыкты сактоо керек. Ошол себептен алтын бет кап менен көчөгө чыкканда мен дагы айтылган социалдык аралыкты сактайм", — деген өзгөчө бет каптын ээси.

Индияда той өткөргөн жигит каза болуп, 100дөн ашык конок COVID жуктурду

Анын айтымында, бет кап жергиликтүү элдин жана ЖМКнын көңүлүн өзүнө бурган. "Алтын бет кап менен көчөгө чыкканда элдин көңүл чордонунда калдым. Менин үй-бүлөмдүн алтынды жакшы көрөрү бул чөлкөмгө белгилүү болсо да алтын бет кап жаңы нерсе болгондуктан элге кызык болду", — деп кошумчалады Кураде.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө 648 миң адам коронавирус жуктуруп, алардын 400 миңи айыгып, 18 миң адам каза тапкан.

0
Белгилер:
бет кап, алтын, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Кызматкер дезинфекциялоо учурунда. Архив

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

33
(жаңыланган 14:52 05.07.2020)
Профессордун билдиришинче, экинчи толкун жайкыга караганда көбүрөөк кыйынчылык алып келет. Ага саламаттык сактоо системасы даяр турушу керек.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустун экинчи толкуну кышында болору болжолдонууда. Анын симптомдору курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) окшош болгондуктан айырмалоо оорчулук туудурат. Бул тууралуу РИА Новостиге дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, профессор Леонид Эйдельман айтып берген.

Анын билдиришинче, COVID-19 массалык түрдө кайрадан ноябрь жана декабрь айларында тарашы мүмкүн.

"Бул айларда курч респиратордук вирустук инфекциялар күч аларын билебиз. Ошондуктан аларды коронавирус менен ооругандардан айырмалоо кыйын болот. Бейтаптардын бардыгы эле чүчкүрүп-бышкырып, жөтөлөт эмеспи. Бул толкун жайкыга караганда көбүрөөк кыйынчылык туудурат. Ага саламаттык сактоо системасы даяр турушу керек", — деп эскерткен дарыгер.

Профессор: узакка созулган жалпы карантин саламаттык сактоо тармагын талкалайт

Ал белгилегендей, экинчи толкундун башталышы эмитеден байкалууда. Кайсы бир өлкөлөрдө ооругандар азайса, кээ бир жактарда күндөн-күнгө өсүп жатат. Маселен, бир кезде коронавируска ээ боло албай калган Италияда абал жакшырса, ошол эле учурда Кытайда илдетке чалдыккандар кайрадан катталууда. Мындан тышкары, Индияда бейтаптардын саны көбөйгөнү айтылып келет.

Дүйнө жүзү боюнча 11 миллиондон ашык адам илдетке кабылып, жарымынан көбү айыкты. Дарттан 500 миңден ашык киши көз жумду.

33
Белгилер:
бейтап, оору, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Жер бетинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миллиондон ашты