Ыплас иш, бирок акысы жакшы. Фейк аккаунттар кантип иштээри тууралуу ачык кеп

© Фото / Pixabay/ StartupStockPhotosНоутбукта иштеп жаткан кыз. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маңдайымда гүлгүн курактагы кыз смузиден татып коюп отурат. Ал онлайн-киллер же көмүскөдө отуруп алып, көптүн көңүлүн каалаган жээгине бурган чебер, социалдык медиада айгай салат. Өз ишмердиги туурасында купуялуулук шарты менен гана төкпөй-чачпай айтып берди.

Кесипкөй троллду табуу кыйынга турган жок. Журналисттердин арасында Facebook тармагындагы салгылаштардын көмүскө фронтторунда иштегендер да бар экен. Алар "компроматтарды" даярдайт, коомдук пикирди "туура" түзөт жана интернеттеги ойду да ичтен иритет. Купуя, бирок маянасы кыйла жогору бул ишти адатта ачык айта беришпейт.

— Троллинг менен кантип алектенип калдыңыз?

— Социалдык медиага тээ 2010-жылы эле кызыгып калдым, анда араң 17де болчумун. Ач-ток жүргөн, алыскы айылдан жаңы келген, бир аз коркогураак да студент элем. Акчам жок, бирок убактым кенен болчу, адабиятка кызыгаар элем. Бир жолу таанышым мени акысыз курска чакырып калды, дал ошол маалда Апрель окуясы бир дүңгүрөп басылган. Украинадан беле, Белоруссияданбы, айтор, адистер келип социалдык медиа эмне экенин жана аларды кантип пайдалануу керектигин айтып беришкен. Алгач ошондо социалдык медианын Facebook бутагына катталгам.

— Ал кезде кыргызстандык социалдык медианын мааниси азыркыдай болбосо керек эле...

— Тогуз жыл мурун бир нече миң эле киши колдончу. Алар бир чоң үй-бүлөдөй болчу. Facebook баракчалардагы жарыялангандар үрөй учуруп, мурдагы үлгүлөр көз алдыбызда урай баштаган.

Официальная страница Сооронбая Жээнбекова в Instagram - Sputnik Кыргызстан
Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг
Мисал келтирейин: бир профессорубуз, абдан абройлуу инсан өз баракчасына бир саясатчы тууралуу жарыялап калды. Анын мурдагы студенти профессор келтирген аргументтердин таш-талканын чыгарды. Жооп кайтарууга тырышты эле, бирок талкууга эски студенттин достору да кошулуп, илимпоз оңбой калды. Алтургай, акырында бири профессорду таптакыр сөгүп да салды... Урмат-сыйга татыган байкелер менен эжелер бир чындыкты көпкө түшүнө албай жүрүштү: Facebook айдыңында сенин ким экендигиң, макамың, жетишкендиктериң эч кандай мааниге ээ эмес, сенин жазганың гана роль ойнойт.

Башка бир жагы да бар: адатта социалдык медиада сени мазактап, сага акарат келтиргендер, ыплас сөздөрдү жазып, каргап-шилеген адамдар эч качан бетиңе андайдын бирин да айтпайт. Маселен, окуучу соцтармакта гана академикке кантип жашашты үйрөтөт. Социалдык медиа баарлашуунун жаңы ыкмасын жаратты.

Кооз сүрөтүн интернетке жайгаштырган бир кыз эсимде, килемдин фонунда түшкөн экен. Ага суктанып, кулакка жагымдуу сөздөрдү күтсө керек, бирок андайдын ордуна тамашакөй колдонуучулардын бири: "Бийкеч, жылып коёсузбу, килемди жакшы көрө албай жатам", – деген пикирин жаза салды. Анан көрүп алыңыз! Тамашаны башкалар да улай: кандай кооз килем, бул кыз гана анын көркүн бузуп коёт экен деген сөздөрдү жаза баштабаспы! Байкуш кыз андайга даяр эмес эле да, алтургай, өз өмүрүн кыйганга да аракет кылыптыр.

— Анан Facebook менен жакшы акча таба алдыңызбы?

— Айтпаңыз! Башында бардык компанияларга тезинен SMM-адистер зарыл болду. Жетекчилер бул адис эмнеге керек экенин терең түшүнө бербегени менен эсэмэмчилерге (социалдык медиа маркетологдоруна — ред.) алардын фирмасын Желеде таанытууга эч буйдалбастан төлөп беришчү. Ал убакта саналуу гана киши элек.

Министр внутренних дел КР Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти
Акыны аянбай төлөп берген ири эл аралык компаниялар менен иштештим. Карапайым студент эч кыйналбастан айына миң доллардын тегерегинде акча тапчу. Күнүнө "Кутман таң, достор!" деген өңдүү 3-4 пост жарыялоого тийиш элем. Анда бул иштин кыйынчылыгы деле жок, интернеттен бир кооз сүрөттү кошуп коюу гана жетишерлик болчу. Бүттү, анан эл сенин жарыяңды андан ары бөлүшүп, жылуу пикирлерин калтырчу.

Бир-эки жыл ушундай эле нукта жүрдү, анан кыргызстандыктар үч нерсени түшүнүштү. Биринчиден, андай постту баары эле жаза алат, анча акы төлөөгө арзыбайт. Экинчиден, жарнамага да чыгым болбой туруп, андай билдирүүлөр таасир этпей калды. Үчүнчүдөн, "казынасы бай" кардарларды эки-үч ири ишкана илип кетти.

— Мышыктардын сүрөтүн чыгарып жүрүп эле ишкерлер кантип салгылашка өтүп кетишти?

— Талап сунушту жаратат эмеспи. Сизди саясатчы катары элестетели, өтө жагымсыз бир атаандашыңыз бар дейли. Анын жеткен эргул, шүмшүк экенин айгинелеген компроматтарды эринбей издейсиз же соцмедиада эле аны элге жаманатты кыла аласыз.

Бир канча таанылган баракчасы, чыныгы адамдардан эч айырмаланбаган боттордон (жасалма аккаунттардан) турган тобу бар кишилерге кайрыласыз. Анан кайсы бир белгилүү баракчада баланча саясатчы ымыркайларды жейт экен деген пост жарыяланды дейли. Ага "далил" катары ошол саясатчынын үйүнүн айланасында жоголуп кеткен балдардын, үстүнө чык куюлган ымыркайлар менен түшкөн тиги кишинин сүрөттөрү, жырткыч саясатчыларга балдарды сатууда шектелген педиатрларга которулган акчаларды "тастыктаган" документтер жарыяланат. Мунун баарын алеки саатта фотошопто жасоого болот.

Албетте, ымыркайлар боюнча мисал өтө эле аша чапкандык, бирок дал ушундай жол менен эле саясатчылардын коррупциялык схемасын же казынадан көп миллионду уурдаган деп сүрөттөп коюуга эмне тоскоол болсун? Бул ишканаларга да тиешелүү. Маселен, интернеттин шарапаты менен каалаган кафени каралап, андагы ашпозчулар жыттанып кеткен эттен тамак жасаганын же кайсы бир уюлдук оператор кардарларынан акча кымырып жатканын жар салып чыгууга болот.

— Бирок баланча саясатчы чындап эле азамат, кафе жапжаңы азык-түлүктөн тамак жасаса, ал эми уюлдук оператор бир сом уурдабаган болсо, каралаган кишинин калпы дароо эле чыгат да...

Швейцариядагы Лозанна федералдык политехникалык институтунда илимдин доктору Жеңишбек Жакыпов  - Sputnik Кыргызстан
Биз жасаган роботту Марска жөнөтсө болот. Жаш илимпоз Жакыпов менен маек
— Анте алышпайт! Мында бир амал бар. Сиз муну өз баракчаңызга жазасыз, сиздин постуңузга терс пикирдин баарын өчүрүп сала аласыз. Андан тышкары, ошол саясатчы ымыркайдын бутун чайнап жатканын "өз көзү менен көргөн" бот-троллдор сизге көмөккө келет. "Коомдук пикирди" түзүп коюу үчүн сизге бир нече гана тролль керек. Адатта мындай болот: адам ошол саясатчы эч качан ымыркайларды жебестигин так билет, алтургай, эки бала бакча да куруп бергенин көргөн. Ал жападан жалгыз чын пикирин жазайын дейт, бирок "жаалданган топ" далилдерди кантип "тастыктап" жатканын көрөт. Ал ошол топтун артында тек бир пайдалануучу турганын кайдан билсин?

Эгер заматта Желеде аны мазактап, таш-талканын чыгарып сала турган болсо, ким өз чындыгын айтууга даайт? Чындык, балким, калкып чыгар, болжол менен 120-пикир болор, ага чейин ким эринбей окуп чыгат?

— Ушак тараткандарды сотко берсе болобу?

— Баракчанын ээсин кантип табасыз? Мейли, ал элге таанылган дейли, анын аркасында ким турарын да элдин баары билет дейли. Бирок чагыбызда жалган маалыматтарды таптакыр "бош" баракчадан эле таркатууга болот. Сиз болгону ал баракчаны элге таанытуу үчүн жүздөгөн доллар төлөйсүз, сиз жарыялаган нерсенин баары Кыргызстандагы активдүү фейсбукчулардын ар бирине көрүнөт.

Троллдор менен иш оңой-олтоң эмес. Жок кишини кантип жоопко тартасыз? Желедеги анонимге ким маани берип издейт?

— Негизи тролль деген ким өзү?

Буюртма макала, кооптуу кесип. Депутат Шыкмаматов журналист Бакашевадан маек алды - Sputnik Кыргызстан
Буюртма макала, кооптуу кесип. Депутат Шыкмаматов журналист Бакашевадан маек алды
— Жакшы жаза алгандар: журналисттер, пиарщиктер. Көбү муну менен негизги жумушунан сырткары алектенишет. Эгер кадимки эсэмэмщик бир баракчаны жасап караганы үчүн айына 100-300 доллар алса, дасыккан тролль күнүнө эки-үч сааттык иш үчүн бир эле буюртмачыдан 400-500 доллар айлык табат. Өзүңүздөр көргөндөй ыплас иш, бирок жакшы төлөнөт.

Кээде ири ишканалар же саясатчылар медиа өкүлдөрүнөн өзүн колдогон пост жарыялоону суранышат. Көпчүлүгү макул болушат, себеби эки-үч абзац үчүн 100-200 доллар алуу жеңил ыкма эмеспи. Он мүнөттүк иш, башкысы текстти бекитип алуу зарыл.

— Чындап эле буга каршы чара жокпу?

— Facebook троллдорду өзү жок кылат. Ушул тапта жасалма баракчаны ачуу аябагандай татаал. Адегенде бөлөк бирөөнүн сүрөтүн табыш керек, аны эч убакта интернеттен көчүрүп албаш керек. Мында эки жол бар: белгисиз бир кишини көчөдөн тартып алып же бирөөнүн сүрөтүн фотошоптон таанылгыс кылып жасайсың. Эң башкы көйгөй кийин — качан Facebook ал адамдын өздүгүн тастыктоо үчүн паспорттун сканерленген көчүрмөсүн талап кылганда жаралат. Мен аны фоторедактордо жасоого аракет кылам, бирок көп учурда ишим оңунан чыкпайт. Аккаунтту жөн эле өчүрүп салышат.

Беш жыл мурун көп бот түзүп койгондорго жыргал, азыр да ошолорду пайдаланышат. Менин андай ондогон баракчам бар, бирок бүгүнкүдөй буюртмалар көп учурда алар дегеле жетишсиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0