Бир жарым жылдан ашык убакыттан бери өкмөттүн курамынан четтетилгендердин арасында сегизи чуулуу окуялардан кийин ээлеген кызматын таштоого аргасыз болгон. Дал ошол өкмөт башчынын же элдин каарына калган экс-министрлер азыр эмне иш кылат? Буга Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кызыгып көрдү.
Айрымдары мурдагысынан төмөн, бирок баары бир мамлекеттик кызматтарга кайтты. Дагы бирөөлөр айылда мал-жан менен алек. Үчүнчү топту "кол жеткистер" деп атаса болот. Мурдагы чуулардан уламбы, же өздөрүнүн болгон-бүткөн кыялы ушулбу, айтор, жаап-жашырынып жүрүшөт. Алардын кайда жүрүп, эмне иш кыларын эч ким деле биле бербейт. Өздөрүнөн сурайын десең, дагы деле таарынычы бардай, кыска-нуска жана орой жооп беришет же таптакыр телефонун алышпайт.
Азыр "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Темир жол куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов. Ал бир кезде пара чуусунан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинен кеткени эсиңерде болсо керек. Анда Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн макулдашылган 520 миң доллар паранын 50 миң долларын алып жатканда УКМК колго түшүргөн. Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "бүт дүйнөгө уят болдук" деп Калиловду зекип, мындан улам министр иштеп кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми орун басары 14 жылга эркинен ажыратылган эле.
Былтыркы "Корвалол" чуусу далай аткаминерди ээрден шыпырып түштү. Эсиңерде болсо эмгек, социалдык өнүктүрүү министринин ошол кездеги орун басары Зууракан Каденова Сеул — Алматы багыты боюнча уча турчу учакта жаңжал салып, самолёттон түшүрүлгөн. Ошол учакта болгон Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова анын мас болгонун билдирип, интернетке маалымат тараткан. Кийин Каденова жумуштан бошотулган. Мындан кийин министрликтин ишмердүүлүгү иликтенип, Исакунова гана эмес, анын орун басарлары дагы дипломатиялык парпортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганы аныкталган. Ошентип министр айым, орун басарлары менен иштен алынган.
Анын ушул тапта эмне менен алектенип жатканын билүү үчүн өзү менен байланыштык. Бирок бош эместигин айтып, сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.
"Карвалол" чуусуна илинген дагы бир жетекчи — ошол кездеги тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Зууракан Каденовага байланыштуу маселелер ошол кездеги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султановду дагы "чымчып" өтүп, ал түзүлгөн жагдайга Тышкы иштер министрлигинде кетирилген каталар себеп болгонун айтып чыккан. Мындан улам коопсуздук кеңеши иликтөө жүргүзүп, чындап эле ведомстводо бир катар эреже бузуулар болгонун аныктаган. Мындан улам ведомствону алты жыл башкарган министр Эрлан Абдылдаев отставкага кеткен.
Бир аз күн мурда аны президенттин катышуусунда өткөн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чарада байкадык.
УКМКны бир жылдай башкарган Идрис Кадыркулов быйылкы жылдын май айында Мамкаттоонун чуулуу тендеринен кийин кызматын тапшырууну чечкен. Кененирээк токтоло кетсек, УКМК ал жетекчи болуп турган кезде Мамкаттоо кызматында биометрикалык паспортту чыгарууда тендер мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөнү аныктаган. Анда каттоо органынын бир нече жетекчиси камакка алынган. Кийин жергиликтүү ЖМКларда "паспорт чуусуна байланышкан териштирүүлөр УКМК тарабынан туура эмес каралды", "бул жерде Кадыркуловдун кызыкчылыгы бар" деген таризде жазылган. Кадыркулов ал кезде өзү айтканына караганда, "коомдо ага карата эки анжы пикир пайда болгондуктан" жумушун таштаган.
Ал учурда кандай иш менен алек болуп жүргөнүн билүү үчүн өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
"КТ Мобайл" ишканасынын тегерегиндеги чуудан улам ошол убактагы өкмөт аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков менен анын орун басары Мурат Муканбетов кызматтан кеткен. Асымбеков менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ишенимдүү булактардан билдиришкендей, ал учурда Москва шаарында. Ал эми орун басары Мурат Муканбетов Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунда иштөөдө. Өзүнүн айтымында, мамлекеттик башкаруу, регионалдык өнөгүү жаатындагы изилдөөчүлүк долбоорлор менен алек болуп жатат.
Эске салсак, "Кыргызтелеком" ААКтын туунду компаниясы "КТ Мобайл" боюнча коомдо катуу талкуу жаралган. Социалдык тармактарда анын жетекчилиги 300-350 миң сом айлык алары айтылган. Көп өтпөй директордун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экени белгилүү болгон. Кийин премьер бул тууралуу мурда билбегенин айтып, тууганын жумуштан кетирткен
Ушул эле "КТ Мобайл" чуусу чыккан маалда тиешелүү тармактагы жетекчилердин бири, тагыраагы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев өз эрки менен отставкага кеткен. Учурда ал чарбачылык менен алектенип жаткан учуру.
"Өзүмдүн чакан чарбам бар. Аны карап, мындан тышкары, экотуризмге байланыштуу иштер менен күн кечирип жатам", — деди Шаршембиев.
Sputnik агенттигинин журналистинен чириген картошка "белекке" алган мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев эсиңерде болсо керек. Ошол эле картошка жана айыл чарбасындагы башка көйгөйлөрдөн улам өкмөт башчынын дагы, журналисттердин дагы сынына кабылып жүрүп Нурбек мырза ишин тапшырууга аргасыз болгон.
Өзүнүн айтымында, ал министрликтен кетсе дагы, айыл чарбасынан алыстабаптыр. Учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке чарбачылыгы менен алектенип жүрөт.
"Баягы эле айыл чарбасы менен алекмин. Мал багуу, кайра иштетүүчү ишкана сыяктуу чакан чарбаларым бар. Ошолорду карап жатам", — деди экс-министр.
Эл оозунан түшпөй жүрүп акыры жумуштан кеткен мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева учурда журналисттер менен сүйлөшкүсү жок. Кабарчыбыз байланышканда "мен жөнүндө жазбай эле койгула, эч бир сурооңорго жооп бербейм", — деп телефонун өчүрүп койду.
Гүлмира айым өкмөт курамында турган кезде бир топ сынга кабылган. Мисалы, окуу китептеринен, диплом, аттестаттардан, эл аралык иш-чаралардагы трибунадагы жазуудан каталар кеткен кеткен (министрликке түздөн-түз тиешеси бар Россия ректорлорунун форумунда). Ошондой эле ЖК депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамын ыйгаруу боюнча дагы сынга кабылган. Кудайбердиева министр болуп турганда билим берүү жаатындагы чуу Нарын облусунда чыккан. Анда Кеңеш айылындагы авариялык абалдагы мектеп ордуна балдарды контейнерге окуганы киргизишкен. Дал ошол маселе боюнча коомдо катуу талкуу жаралган учурда министр кызматтан кеткен. Бирок өкмөт дагы, Кудайбердиева өзү дагы отставканын бул окяга тиешеси бар-жогун расмий айткан эмес.Булардан тышкары, Абылгазиев жетектеген өкмөттөн юстиция министри Айнур Абдылдаева, финансы министри Адылбек Касымалиев, экономика министри Олег Панкратов, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кеткен. Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов дүйнө салган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Пакистандын өкмөтү россиялык "Спутник V" вакцинасын чукул кырдаал учурунда колдонууга уруксат берип, жергиликтүү фармацевтикалык компанияларга аны сатып алууга жана таратууга жол ачты. Бул тууралуу ЖМКларга таянып, РИА Новости жазды.
Россиялык вакцина өлкөдө колдонууга уруксат берилген үчүнчү дары болгон.
"Пакистандын Дары-дармектерди тескөөчү органынын (Drap) каттоо кеңеши өткөргөн жыйында өзгөчө кырдаалдарда дагы бир вакцинаны колдонууга уруксат берилди. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен иштелип чыккан вакцина", — деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле AGP жергиликтүү фармацевтикалык компаниясы россиялык вакцинанын жалгыз импорттоочу жана дистрибьютери болорун белгиледи.
Пакистандын бийлиги буга чейин чукул кырдаал учурунда AstraZeneca вакцинасын жана кытайлык компания чыгарган Sinopharm дарыларын колдонууга макулдук берген.Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиялык түз инвестициялар фонду тарабынан иштелип чыккан. Вакцинанын натыйжалуулугу 90 пайыздан жогору болору айтылат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо +1...+3 градус болорун айтышты.