Бишкектин төрт жеринде азык-түлүктү арзан саткан жарманкелер болот. Дареги

Жазылуу
Жарманке учурунда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, адистер баалардын жогорулап кетпешине көз салып, көзөмөлдөп турушат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын төрт жеринде Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жарманкеге коюлган азык-түлүктөр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен шаардык ветеринардык №21 лабораториянын дарыгерлеринин текшерүүсүнөн милдеттүү түрдө өтөт. Азык-түлүктөр сатылып бүткөндөн кийин кечинде "Тазалык" ишканасы аянттарды тазалап кетет", — деп билдиришти мэриядан.

Жарманке кайда болот?

  • Биринчи май районунун аймагында Агрардык университеттин түштүк жагында — Скрябин менен Абай көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Октябрь районунун аймагында Гапар Айтиев менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн ортосундагы Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө;
  • Свердлов районунун аймагында Төрөкул Айтматов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 районундагы сууну жээктей);
  • Ленин районунун аймагында Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүндө.

Жарманке учурунда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, адистер баалардын жогорулап кетпешин көзөмөлдөп, карап турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0