Караколдун бийлиги стратегиялык объектилердин жанында митинг өтүшүнө каршы

© Фото / Азамат АйтбаевГород Каракол
Город Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупция менен жемкорлукка каршы митинг эртең, 25-ноябрда, Бишкек менен Каракол шаарларында өтөөрү айтылууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Каракол шаарынын мэриясы коррупция менен жемкорлукка каршы митингди стратегиялык жана билим берүү объектилеринин жанында өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, эртең, 25-ноябрда, Бишкек (Ак үйдүн алды) менен Каракол (райондук администрациянын аймагында) шаарларында саат 11:30да тынчтык митинги болушу күтүлүүдө. Бирок борбор калаанын Биринчи Май райондук соту 1-декабрга чейин Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө чектөө киргизди.

Каракол мэриясынан билдиришкендей, тийиштүү арыз даяр. Чечимди митинг башталганга чейин алыш үчүн арыз сотко эртең менен жөнөтүлөт.

“Митингди стратегиялык жана билим берүү объектилеринен алыс жерде өткөрүүнү сунуштайбыз. Буга чейинки акциялар дагы стадиондо өтүп келген”, - дешти мэриядан.

Митингдин себеби

Момент убийства Айеркена Саимаити попал на видео — стреляли в упор - Sputnik Кыргызстан
Айэркен Саймаитини атып кеткен учурдун видеосу
Эки ЖМКнын Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келинген товарлар жөнүндө биргеликте жасаган иликтөөсү коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Андагы маалыматка караганда, Матраимовдордун үй-бүлөсү Хабибула Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөсү менен биргеликте бизнес жасап жүрүшкөн. Материал 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити берген маалыматтардын негизинде даярдалган. Иликтөөдө Саймаити өлөр алдында Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу маалыматтарды берүүгө үлгүргөнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0