Ош аэропортунда коюу тумандан улам токтотулган каттамдар учуп кетти

© Фото / Зульфия ТургуноваЗадержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша
Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ош" аэропортунун айланасында туман түшкөнү байкалып жаткан. Аны кесепетинен каттамдар убактылуу токтотулган болчу.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. "Ош" аба майданы штаттык режимде иштеп жатканын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин коюу тумандан улам каттамдар убактылуу токтотулуп, 100 метрлик аралык гана көрүнүп калганы айтылган.

Компаниянын маалымат кызматынын билдиришинче, убактылуу кармалган каттамдар учуп кетти. Рейстердин саны айтылган жок.

Аталган аба майдандын иши жана учуулардын расписаниелери тууралуу жүргүнчүлөр менен тосуп алуучулар "Ош" аэропортунун (03222) 9-01-01 номери аркылуу биле алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0