Борбор калаадагы Тазалык мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери түндөн тарта Бишкектин жолдорун тазалап баштады.

Шаар жолдорун кардан арылтуу иштери уланууда. Сүрөт

113
(жаңыланган 13:24 25.11.2019)
Карды тазалоо үчүн 700 кызматкер жана 25 атайын техника чыккан. Тиешелүү кызматтар өзүнүн ишин түндөн тарта эле баштаган. Мэриядан көчөлөргө кум жана туз себүүнү үзгүлтүксүз улантууга убада беришти.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери түндөн тарта Бишкектин жолдорун тазалап баштады. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Сотрудники муниципального предприятия Тазалык во время уборки снега в Бишкеке
    Борбор калаадагы "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери түндөн тарта Бишкектин жолдорун тазалап баштады.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия Тазалык во время уборки снега в Бишкеке
    "Тазалыкчылар" жолдорду, тротуарларды, аялдамадагы бордюрлардын четтерин кардан тазалап жатат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия Тазалык во время уборки снега в Бишкеке
    Жолго керектүү заттарды себүү иштери түнкү саат 02:00дөн башталып, жалпысынан 196 тонна туз себилди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципального предприятия Тазалык во время уборки снега в Бишкеке
    Карды тазалоо үчүн 25 атайын техника чыккан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаадагы "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери түндөн тарта Бишкектин жолдорун тазалап баштады.
"Тазалыкчылар" жолдорду, тротуарларды, аялдамадагы бордюрлардын четтерин кардан тазалап жатат. Жолго керектүү заттарды себүү иштери түнкү саат 02:00дөн башталып, жалпысынан 196 тонна туз себилди. Карды тазалоо үчүн 25 атайын техника чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте тазалоо иштерине 700 кызматкер чыккан. Мэриядан көчөлөргө кум жана туз себүүнү үзгүлтүксүз улантууга убада беришти.

113
Белгилер:
Бишкек, 'Тазалык' ишканасы, кар, көчө, тазалоо, кум, туз
Тема боюнча
Кыргызстандын кар жааган ашууларында абал кандай? ӨКМ билдирүү таратты
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

67
Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдон түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагы аркылуу кырызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук кийим кийген сүрөттөрүн жарыялады.

"Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм."Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси  мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Келгиле достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!" — деп жазды спортчу кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдун ичинен түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Тыныбекованын постуна бир нече мүнөт ичинде жүздөгөн колдонуучулар "лайк" басып, комментарийлерди жазып жатышат.

67
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, пост, сүрөт, майрам, куттуктоо
Тема боюнча
Эч кандай акция уюштурган жокмун! Тыныбекова фейк аккаунт ачылганын айтты
Камкордук керек. Жапаров элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

22
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

22
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы