Милиция Бишкекти аралап жүргөн үйүр жылкынын ээсин издеп жатат. Видео

© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского районаБишкек шаардык милициясы көп кабаттуу үйдүн короосунда жайылып жүргүн бир үйүр (жети жылкы) жылкынын ээсин издеп жатат
Бишкек шаардык милициясы көп кабаттуу үйдүн короосунда жайылып жүргүн бир үйүр (жети жылкы) жылкынын ээсин издеп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь райондук милициясы борбор калаанын түштүгүндөгү үйлөрдүн биринин короосуна кирип келген жылкылардын видеосун жарыялады.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы көп кабаттуу үйдүн короосунда жайылып жүргөн бир үйүр (жети жылкы) жылкынын ээсин издеп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Жылкылар 4-кичирайондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосуна кирип келген.

Октябрь райондук милициясы жылкылардын ээсин (0550) 82-46-82 же 102 номери аркылуу кабарлашууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0