Өкмөт бажыдагы коррупция менен кандайча күрөшүп жатканын жар салды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
 Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бажы ишинде кескин өзгөртүүлөргө кадрдык чечимдер аркылуу гана жетишүү мүмкүн эмес деп эсептейт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү органдар тарабынан тыкыр иликтенүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын жетекчилерине териштирүү иштерин кыска убакыттын ичинде жүргүзүүнү тапшырды.

"Өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жоюу иши өкмөт тарабынан тутумдуу негизде жүрүүдө. Азыркы таптагы коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнүп турат. Ал бажы ишинде кескин өзгөртүүлөргө кадрдык чечимдер аркылуу гана жетишүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Дал ушул себептен бажы тармагын электрондук системаларды колдонуу менен көзөмөлдөө үчүн жаңы технологиялар активдүү ишке киргизилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

"Торугарт", "Эркеч-Там" бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери пайдаланууга берилгени мисал катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле жакын арада алардын ишине онлайн көз салуу жана өтүп жаткан жүктөр тууралуу бардык маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрү белгиленген.

"Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматын тартипке келтирүү максатын койгон. Биз ушул багытта өлкө президентинин деңгээлинде иш алып барып жатабыз", — дешти өкмөттөн.

Ошондой эле өкмөт Түркияда чет элдик бизнесмендин өлтүрүлүшүн иликтөө максатында түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын ишине катышууга даярдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0