Бишкекте 49 автобус кышкы дөңгөлөгү жок каттамга чыкпай калды

© AFP / KENZO TRIBOUILLARD Унаанын дөңгөлөгү. Архив
Унаанын дөңгөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дөңгөлөгү күндүн суугуна жана жолдун тайгактыгына туруштук бере албай №48 жана №36 каттамдагы автобустар ишке чыгарылган эмес.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кечээ Бишкекте 49 автобус тайгак жолго ылайыкташпаган дөңгөлөгүнөн улам каттамга чыккан жок. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубеков билдирди.

Уборка снега в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шаар жолдорун кардан арылтуу иштери уланууда. Сүрөт
Кечээ жана бүгүн эртең менен "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына автобустар убагында келбей, бишкектиктер жумушка кечигип жатканы туурасында жазышкан.

Койчубаковдун айтымында, кечээ №48 жана №36 каттамдагы 49 транспортту каттамга чыгарбоо чечими кабыл алынган. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жолдорго кум чачкандан кийин автобустар бүгүн саат 09.00дөн кийин каттай баштады.

"Кытайдан алынган бардык сезондук дөңгөлөктөр маселе жаратты. Биринчи күнкү суукта жана жолдун тайгагында автобустарды сыноодон өткөрсөк, дөңгөлөгү ылайыксыз болуп чыкты. Жакшы болсо, жаңысын албайбыз деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Жаңысын Белоруссиядан алып келе жатабыз", — деди ал.

Ошондой эле ал мындай автобустар менен жумушка чыгуу алда канча кооптуу экенин айтып, жол кырсыгына себеп болуу ыктымалдуулугу жогору экенин айтты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0