Туристтик милиция кызматкерлери. Архив

Туристтик милиция жол эрежесин бузгандарга айып салууга укуктуу болду

96
Туристтик милиция Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирди. Эми алар жөө адамдар менен айдоочуларга айып сала алат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Туристтик милициянын укугу кеңейди, эми жол эрежесин бузган айдоочуларга айып сала алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде аталган милициянын командири Нурхат Нурбеков билдирди.

Анын айтымында, туристтик милиция Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирди. Учурда бул милициянын курамында 30 кызматкер бар, дагы 30 кишини кызматка алуу пландалууда.

"Укугубуз кеңейди, мындан ары жол эрежесин бузган айдоочуларга айып сала алабыз. Андан сырткары, жөө кишилерге да айып салабыз. Бирок айдоочулар менен жөө кишилерге эскертүү гана берүүгө аракет кылабыз. Биздин максат — эреже бузуулардын алдын алуу", — деди ал.

ШИИБдин маалымат кызматы кабарлагандай, туристтик милиция бир чакырым диаметрде жөө басып иштейт. Алардын укугу эми Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында иштегендер менен теңелди, алар да коопсуздукту камсыздай алат.

"Учурда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгындагы бир экипажда төрт киши иштейт. Экөө машина менен 5-7 чакырым радиуста иштесе, экөө жөө басат. Аларга да маалыматты туристтик милициядагыдай эле зарыл болгон учурда командалык борбор берет", — деп ШИИБден кабарлашты.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май районунда түзүлгөн.

96
Белгилер:
айып пул, айдоочу, туристтик милиция, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Туристтик милиция көлгө чөгүп бараткан жаранды сактап калды. Сүрөт