Депутат Канат Исаевдин агасы Талант Исаевге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Азамат АралбаевИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев. Архив
ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талант Исаев былтыр октябрь айында ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү ("Кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирүү") боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Генерал-майор Талантбек Исаев ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын башчылыгына 2018-жылы октябрда дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0