Мужчина указывает на показания сейсмографа. Архивное фото

Ош облусунда жер титиреди

134
(жаңыланган 10:12 27.11.2019)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында сезилген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кечээ, 26-ноябрда, Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, силкинүү Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болбогону айтылды.

134
Белгилер:
жер титирөө, сейсмология, Ош, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкек мэриясы аба булганганын айтып, тургундарды бет кап кийүүгө чакырды