Депутат: кыргыз журналистикасындагы үч кемчиликтин бири — сабатсыздык

© Фото / пресс служба КНУДепутат ЖК Каныбек Иманалиев
Депутат ЖК Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМУда өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференцияда басылмалардын калыптануу маселелери, улуттук басма сөздүн көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги талкууланууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда гана журналистика саясатка түздөн-түз таасир бере алат, бирок учурда кыргыз журналистикасында сабатсыздык баштаган үч ири кемчилик турат. Бул туурасында ЖК депутаты Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) "Азыркы улуттук басма сөз: көйгөйлөрү жана келечеги" деп аталган илимий-практикалык конференцияда айтты.

"Саясаттагы күн тартибин кыргыз журналистикасы аныктап калды. Шериктеш мамлекеттерде андай көрүнүш жок. Анткен менен кыргыз журналистикасынын үч ири кемчилиги бар. Биринчиси — сабатсыздык, экинчиси — субъективизм, үчүнчүсү — жазган чөйрөсүнүн тарып кетиши", — деди Иманалиев.

Мунун менен катар эле депутат келечектүү багыттарды да атады.

"Ошентсе да Кыргызстандагы үч багыттын келечеги кең. Алар — документалдык журналистика, адистик журналистика жана профессионалдык маалымат журналистикасы", — деди ал.

Бүгүн КМУда журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын 60 жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Журналист Sputnik Кыргызстан Расул Усеналиев - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
SputnikPro: журналист митингдерде өз коопсуздугуна көңүл бурушу керек
Иш-чарада Кыргызстандагы басылмалардын калыптануу маселелери, улуттук басма сөздүн көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги талкууланууда.

Уюштуруучулар маалыматтык мейкиндиктин глобалдашуу алкагында улуттук журналистиканын өнүгүшүнө КРдеги жана КМШ өлкөлөрүндөгү улуттук журналистиканын биримдигин бекемдөө максаты коюлганын айтышты.

Журналистиканын маселелерин талкуулоого Казакстандын Аль-Фараби атындагы улуттук университетинин, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын иши бүгүн кечкурун аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0