Бишкек: жер алдындагы өтмөк менен жер үстүндөгү көпүрөлөр саммит учурунда жабылат

© Sputnik / Михаил ДудинРеконструкция подземного перехода на пересечении проспекта Чуй и улицы Абдрахманова в Бишкеке
Реконструкция подземного перехода на пересечении проспекта Чуй и улицы Абдрахманова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖККУнун Бишкектеги саммити учурунда жолдор мезгил-мезгили менен тосулары айтылган. Алар кортеж өтүп бара жаткан учурда жабылат дешкен.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жолдордун жер алдындагы өтмөктөрү жана трассанын үстүндөгү көпүрөлөрү улам-улам жабылып турат. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Мындай чектөөлөр Кыргызстандын борборунда боло турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине байланыштуу экени айтылды.

"Коноктордун кортежи өтүп бара жатканда жолдордун жер алдындагы өтмөктөрү жана трассанын үстүндөгү көпүрөлөрү жабылат. Бул коноктордун жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн жасалууда", — деп айтышкан милициядан.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан саммитке байланыштуу жолдор убактылуу жабыларын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0