Ошто үй-жайсыз калган адамдарды кышында багууга 100 миң сом бөлүндү

Жазылуу
Барар жери жок жарандарга кыш мезгилинде бир маал ысык тамак берилет. Мындан сырткары, гигиеналык каражаттар жана уктоочу жай менен камсыздалат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында селсаяктарды кыш мезгилинде камсыздоого жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, туруктуу жашаган жери жок жарандарды коомго адаптациялоо багытындагы долбоорду ишке ашыруу үчүн коомдук фондго жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң сом берилди.

Коомдук фонд жашаган жери жок 60тай жаранга кам көрөт.

"Аларга кыш мезгилинде бир маал ысык тамак берилет. Мындан сырткары, гигиеналык каражаттар жана уктоочу жай менен камсыздалышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ кайрадан шашылыш билдирүү таратты. Күн кескин сууктайт
Алардын документтерин калыбына келтирүү, ичкиликтен арылууга көмөктөшүп, инсандык өнүгүү тренингдери уюштурулат. Социалдык жактан коргоо иштери да колго алынмакчы.

Эске салсак, Бишкекте 25-26-ноябрь күндөрү үй-жайсыз калган 12 киши көчөдө каза болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын үчөө тоңуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0