Таластагы "Кичи-Капка" өткөрмө пункту кайрадан иштей баштайт

Жазылуу
Мындай чечим Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 27-ноябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенде кабыл алынган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. 2010-жылы казак тараптын демилгеси менен жабылган Талас облусундагы "Кичи-Капка" өткөрмө пункту элди өткөрүү үчүн кайра иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевге таянуу менен президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 27-ноябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенде кабыл алынган.

"Ошондой эле өлкө башчылары Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекеттер аралык жогорку кеңешинде "Ак-Жол" — "Кордай" өткөрмө пунктун биргелешип реконструкциялоо зарылдыгын талкуулашып, тийиштүү чечимдерди кабыл алышты. Бул кыргыз-казак чек арасын кесип өткөн жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Бажы көзөмөл бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми Жээнбеков менен Абылгазиев бажыдан өткөн товарларды онлайн көрүп турат
Андан тышкары, мамлекет башчылар тарабынан "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иштөө убактысын узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Аталган өткөрмө пункттун толук кандуу иштөөсү биринчи кезекте Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн чек ара боюндагы соода-экономикалык кызматташтыкты  өнүктүрүүгө, анын ичинде Казакстанга өздөрү өндүргөн айыл чарба азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

Ошондой эле президенттер "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрмө пункттарынын макамын эки тараптуулуктан көп тараптуулукка өзгөртүүгө багытталган мамлекеттик ички процедураларды кыска мөөнөттө аяктоо зарылчылыгын белгилешти. Ошондо бул тилкеден чет өлкөлүк жарандардын да чек араны кесип өтүүсүнө шарт түзүлөрү маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0