"Ош электр" ишканасы туумду кечүү акциясын жарыялады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЭлектр счетчиги. Архив
Электр счетчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туум төлөгүсү келбегендер арыз менен райондук электр тармагына жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине кайрылуусу зарыл.

ОШ, 28-ноя. – Sputnik. "Ош электр" ишканасы Кыргызстандын энергетикасынын 85 жылдыгына карата туумдарды кечүү акциясын жарыялады. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Акция 2019-жылдын 25-ноябрынан 2020-жылдын 25-январына чейин жүргүзүлөт.

Аталган кадам калк жана бюджеттик мекеме-ишканалары үчүн жасалып, алар электр кубатына карызынан толук кутулгандан кийин туум кечирилет.

Акцияга катышуу үчүн керектөөчүлөр арыз менен райондук электр тармагына жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине кайрылуусу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0