ЖККУнун саммити аяктап президенттер үйлөрүнө кайтышты

Жазылуу
Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим боюнча уюмга төрагалык кылуу укугун Россияга өткөрүп берди. Жыйындын алкагында 15 документке кол коюлду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы аяктап, президенттер үйлөрүнө кайтышты. Аларды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев узатты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с президентом РФ Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-орус мамилеси тереңдейт. Жээнбеков менен Путин өзүнчө сүйлөштү
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери бүгүн, 28-ноябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында тар чөйрөдө, андан соң кеңири форматта эл аралык жана аймактардын ортосундагы коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулашты.

Жыйындын алкагында 15 документке кол коюлду.

ЖККУга мүчө өлкөлөр — Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0