Жолдошу айткан жерде жашоого даяр. Модель Бегимай Карыбекова тууралуу 8 факты

© Фото / Рустам ТалиповОбладательница титула "Мисс Кыргызстан — 2017", модель Бегимай Карыбекова
Обладательница титула Мисс Кыргызстан — 2017, модель Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бегимай Карыбекованы айрымдар жөн гана арык чырай, кымча бел деп сүрөттөбөстөн, бөтөнчө сулуулукка ээ деп суктанып жүрүшөт. Ал азыркы кыргыз моделдеринин алдыңкысы  болуп келет.

Карыбекова кечээ жакында эле беделдүү делген италиялык Emporio Armani брендинин модели болду. Белгилей кетсек, Giorgio Armani s.p.a. компаниясы 1975-жылы италиялык модельер Жорджо Армани менен ишкер Серджо Галлеоти тарабынан негизделген. Компания Giorgio Armani, Emporio Armani, Armani Exchange, Armani Jeans, Armani Junior, Armani Casa бренддери менен кийим-кече, бут кийим, эркектер, аялдар жана балдар үчүн түрдүү аксессуарларды чыгарат.

Учурда жаш моделдин жетишкендигине кубангандар көп. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Бегимай Карыбекова тууралуу фактыларды топтоду.

Тоолук кыз

Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. Элетте чоң ата, чоң апасынын колунда тарбияланган.   

© Фото / Наиль НасретдиновКалың элге таанылып келе жаткан модель Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган.
Жолдошу айткан жерде жашоого даяр. Модель Бегимай Карыбекова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Калың элге таанылып келе жаткан модель Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган.

Өспүрүм кезинде сулуулар менен "тирешкен"

Мектепте окуп жүргөндө социалдык тармактарга активдүү кирген. Ошондон улам 14 жашында "Кыргызстан сулуусу" сынагына катышууга сунуш түшкөн. Өзүнүн айтымында, уюштуруучулар келбетине карап, конкурска жаш курагынан эрте катышууга уруксат беришкен. Ал сынактан "Мисс гламур" номинациясына татыган. Ошондон кийин сулуулук дүйнөсүндө жолу ачылып, моделдик агенттиктерден сунуштар түшө баштаган.

Көп өтпөй Гонконг, Таиланд, Филиппин, Сингапурдун моделдик агенттиктери менен иштешип, эл аралык "КМШ бикини сулуусу", "Мисс Кейт", "Мисс туризм — 2015", Top model of the world — 2016, Miss Intercontinental — 2016 сынактарына катышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI (@begimai_karybekova)

Сүймөнкул Чокморовду журналист деп...

Бегимай Карыбекова 2017-жылга чейин эле моделдикти аркалап жүргөнүнө карабай эл аны ошол жылдагы Кыргызстанда өткөн сулуулар сынагында баш байгени уткандан кийин тааный баштады. Конкурста ал калыстардын "Сүймөнкул Чокморов ким болгон?" деген суроосуна "журналист" деп жооп берип алган. Анын жообу социалдык тармактарда көпкө чейин талкууланган. Модель Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде буга комментарий берген.

"Сүймөнкул Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын. Көп жылдан бери эстебей калгангабы, оюма ар түркүн ойлор келип, туура эмес жооп берип алдым. Бул үчүн кечирим сурайм! Чындыгында толкунданып кеттимби, айтор эмне болгонун түшүнбөй калдым. Жаңылыш сүйлөп алдым", — деген Карыбекова.

Сын менен каталардын үстүнөн иштеген адам өсөрүн белгилеген. 

© AFP / Lillian SUWANRUMPHAБылтыр Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына катышкан биринчи кыргызстандык кыз болду.
Жолдошу айткан жерде жашоого даяр. Модель Бегимай Карыбекова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына катышкан биринчи кыргызстандык кыз болду.

Ааламды багынтам деген

2017-жылы "Кыргызстан сулуусу" наамын алгандан кийин "Дүйнө сулуусу " конкурсуна жолдомо алып, бирок Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган. Былтыр Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына катышкан биринчи кыргызстандык кыз болду. Ал алдыңкы орундарга ээ болбосо да өлкө атын таанытканга салым кошту.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI (@begimai_karybekova)

Расмий сулуулар сынагын өткөрөт

Акыркы жылдары Кыргызстанда сулуулар сынагынын саны көбөйгөнү маалым. Бегимай Карыбекова 2018-жылдан бери расмий түрдө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоо көрсөткөн "Кыргызстан сулуусу" сынагын өткөрүп келет. Кыргызстанда өзүнүн моделдик мектебин да негиздеген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКарыбекова 2018-жылдан бери расмий түрдө"Кыргызстан сулуусу" сынагын өткөрүп келет. Сүрөттө ошол жылы алтын таажы кийген Элмара Буранбаева менен.
Жолдошу айткан жерде жашоого даяр. Модель Бегимай Карыбекова тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Карыбекова 2018-жылдан бери расмий түрдө"Кыргызстан сулуусу" сынагын өткөрүп келет. Сүрөттө ошол жылы алтын таажы кийген Элмара Буранбаева менен.

Жеке жашоосу

Чүрөк кыз журналисттердин "жигитиң барбы" деген суроосуна бир беткей жооп узаткан эмес.

"Азыр турмушка чыга элекмин. Жашоодо ар кандай болот. "Ооба" же "жок" деп айткым келбейт. Албетте, сулуу кыздардын жандаган адамы болот. Турмушка чыкмайынча жеке жашоом сыр боюнча калсын. Болочокто кайсы жакка турмушка чыксам, сүйгөнүм менен ошол жакта калууга даярмын. Алайда болсо Алайда, Көл болсо Көл дегендей", — деп айткан видео маектеринин биринде.

Карыбекова ага тарбия алган жана билимдүү балдар жагарын белгилеген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI (@begimai_karybekova)

Келечектеги максаты

Акыркы он жылда Голливуддун кинолоруна тартылгысы келет. Ошондой эле ишкерлик чөйрөгө аралашууну ниет кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0