УКМКга сурак берүүгө кирип бара жаткан Райым Матраимов. Сүрөт

© Sputnik / Актан ТемиркановУКМК. Архив
УКМК. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райым Матраимов күбө катары суракка чакырылып, журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун УКМКга сурак бергени кирип бара жаткан сүрөтү жарыяланды.

Атайын кызматтын билдиришинче, Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө уланууда.

Анын алкагында Матраимов күбө катары суракка чакырылып, журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0