Англисче билүү зарыл эмес. Бишкек турмилициясынын 24 жаштагы жетекчисинин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристтик милициянын тутумундагы өзгөртүүлөр, ошондой эле аткарылган иштердин жыйынтыгы туурасында Бишкек ШИИБдин туристтик милициясынын командири Нурхат Нурбеков
Туристтик милициянын тутумундагы өзгөртүүлөр, ошондой эле аткарылган иштердин жыйынтыгы туурасында Бишкек ШИИБдин туристтик милициясынын командири Нурхат Нурбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристтик милициянын тутумундагы өзгөртүүлөр, ошондой эле аткарылган иштердин жыйынтыгы туурасында Бишкек ШИИБдин туристтик милициясынын командири Нурхат Нурбеков Sputnik Кыргызстандын студиясына келип айтып берди.

Тартип сакчысынын айтымында, туристтик милиция өз ишмердигинин бир жылында четөлкөлүктөрдөн 1856 кайрылууну каттаган. Негизинен Кыргызстанга келген туристтердин бир тобу гиддердин кызматынан пайдаланбагандыктан, жол көрсөтүп коюу өтүнүчтөрү көп түшөт.

— Азыр туристтик милиция борбор калаада, Ош жана Ысык-Көл облусунда иштейт. Кызматкерлерди башка аймактарга да бөлүштүрүү планда барбы?

— Бул сынамык долбоор. Келечекте бүт өлкөдө иш алып барабыз, бирок так мөөнөтү белгилене элек.

— Жакында кайрадан спорттун кышкы түрлөрүнө кызыккан чет элдиктердин агымы күтүлөт. Туристтик милиция тоолуу райондордо иштейби?

— Лыжа базаларында, маселен, Каракол жана Бишкектеги базаларда иш алпарууну пландоодобуз.

— Туристтик милицияда ушул тапта канча кызматкер иштейт?

Түкүрүнбөңүзчү! Бишкекте жаңы милиция кантип иштеп жатат? Видео - Sputnik Кыргызстан
Түкүрүнбөңүзчү! Бишкекте жаңы милиция кантип иштеп жатат? Видео
— Бишкекте Милициянын жаңы патрулдук кызматынын башкармалыгы (МПКБ) иштейт, ал эми туристтик милиция бул структуранын курамында. Сынак боюнча 30 киши өткөн, ноябрдын аягында дагы 30 кишини ишке алуу пландалууда. Биздин ыйгарым укуктарыбыз кеңейген, эми биздин жол эрежесин бузган айдоочуларга да айып салууга укугубуз бар.

— Жөө адамдарга да айып барбы?

— Албетте.

— Мындай чара көрүлчү жагдайлар көп болуп жатабы?

— Жок, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө эскертүү гана берүүгө аракет кылабыз. Биздин максат — мыйзам бузуунун алдын алуу.

— Бул кандай түрдө иштейт?

— Мыйзам боюнча эскертүү жазуу түрүндө берилет. Ал алты ай аралыгында күчүндө болот. Өз базабыз аркылуу биз ал киши мурда эскертүү алган-албаганын текшере алабыз. Эгер мурда алган болсо, анда айып салабыз. Маалыматтарды планшеттер аркылуу тактайбыз.

— Четөлкөлүктөр кандай маселелер менен кайрылышат?

— Көбүнесе ЦУМ же борбордук аянт кайда жайгашканын сурашат.

— Эгер чет элдиктер сиздерге жардам сурап кайрылса, аларды коштоп бара аласыздарбы?

— Ооба, анүчүн беш авто бөлүнгөн: тоо шартындагы иш үчүн эки жолтандабас жана үч жеңил унаабыз бар. Коштоп баруу акысыз. Биз узатып барчу аралык жетекчилик менен макулдашылат. Эгер туристтер алдын ала кайрылышса, жетекчилик тарабынан берилген буйрукка жараша биз аларды аэропорттон тосуп алып, дарегине жеткирип кое алабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристтик милиция өз ишмердигинин бир жылында четөлкөлүктөрдөн 1856 кайрылууну каттаган. Негизинен Кыргызстанга келген туристтердин бир тобу гиддердин кызматынан пайдаланбагандыктан, жол көрсөтүп коюу өтүнүчтөрү көп түшөт.
Англисче билүү зарыл эмес. Бишкек турмилициясынын 24 жаштагы жетекчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Туристтик милиция өз ишмердигинин бир жылында четөлкөлүктөрдөн 1856 кайрылууну каттаган. Негизинен Кыргызстанга келген туристтердин бир тобу гиддердин кызматынан пайдаланбагандыктан, жол көрсөтүп коюу өтүнүчтөрү көп түшөт.

— Ишиңиздеги кайсы учурлар эсте калды?

— Андай учурлар күндө болот. Эң эсте калганы — кытай жаранынын келиши. Ал Казакстанга багыт алган экен, бирок жаңылыштык менен Кыргызстанга келип, коңшу мамлекетте жүргөндөй кыдыра берген. Учуп келип, мында үч күн болуп, бирок эч кимден кайда жүргөнүн да тактаган эмес. Жөн гана саякаттай берген. Үч күндөн кийин биз ага бул Кыргызстан экенин түшүндүрүп, машинага салып, вокзалга жеткирдик. Ошентип Казакстанга жөнөп кетти.

— Качан милиционер болууну чечтиңиз эле?

— 24 жаштамын, Талас облусунун Бакай-Ата айылында төрөлгөм. Бала кезимден бери аскер кызматкерлигин кыялдангам, бирок ата-энем менин врач болушумду каалачу. Себеби чоң атам жакшы хирург болгон экен. Адегенде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, тиш доктур болом деп ойлогом. Бирок оюм ишке ашпай калды. Анан милиционер болуп, мекенге кызмат кылууну чечип, ИИМ Академиясына тапшырдым. Кийин Түркияда Эл аралык полиция академиясында билим алдым.

Үйлөнө элекмин. Агам бар, ал да укук коргоо кызматында эмгектенет. Эжем тиш доктур, карындашым "Манас" аэропортунда инспектор болуп иштейт.

— Органда качантан бери иштейсиз?

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра внутренних дел Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Эки ирет Атамбаевдин каарына калып... Кашкар Жунушалиев тууралуу 7 факты
— 2017-жылы диплом алдым, Кыргызстанга кайтып Таласта участкалык милиционер болуп иштей баштадым. Бир жылдан соң бизге туристтик милицияда иштөөнү сунушташты. Аракет кылып көрөйүн деп тандоодон өтүп кеттим. Башта туристтик милициянын инспектору болчумун, беш айдан кийин взводдун командирлигине дайындалдым.

— Кызматтан дароо көтөрүлүшүңүз кызыктырбай койбойт экен. Кантип командир болуп калдыңыз? Артыкчылыгыңыз эмне болду?

— Билбейм, мени тандашты. Взводдун командири болууну сунушташты, ой жүгүртүүмө, күч даярдыгыма карашты, анан өтүп кеттим.

— Социалдык медиада айрымдар жогорку чини бар адамдар менен болгон байланышыңыздан улам кызматка дайындалганыңызды жазып чыгышкан?

— Карапайым үй-бүлөнүн уулумун, атам — жеке ишкер, апам үйдө отурат. Командирлик орунга тандоо сынак менен өткөн. Балким системаны өзгөртө аларымды далилдей алгандырмын.

— Маселен?

— Мисал келтире албайм.

— Укук коргоо органдарынын тутумунда сиздин көңүлүңүздү калтырган, өзгөрткүңүз келген учурлар болду беле?

— Система өзгөргөнүн айтар элем, анткени ушул тапта жаңы бөлүмдөрдө (туристтик милиция, МПКБ — ред.) негизинен жарандык кызматкерлер иштейт. Алардын ой жүгүртүүсү бөлөк. Мен каалаган өзгөртүүлөр дал ушулар эле.

— Кыргызстандагы жергиликтүү тургундар четөлкөлүктөрдөн акча өндүрүп калууну көздөшөт. Ашыкча эсептеп, акчасын алдаткан туристтер барбы, сиздерге кайрылгандардын арасында? Андайда кантип жардам бересиздер?

— Көбүнесе мындай учурлар четөлкөлүктөр менен таксисттердин ортосунда болот. Таксисттер жол киреге көп акча алышат, четөлкөлүктөрдү коркутканга чейин барышат. Туристтер негизинен ушуга нааразы. Күн сайын таксисттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, туристтерден ашыкча алып-албаганын тактайбыз.

— Сиздердин кызматкерлердин жарымын патрулдук кызматка которушту. Эми сиздердин милдет кандай болот?

— Четөлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылабыз, туристтер көп кыдырган аймактарга күзөткө чыгабыз. Укуктук жардам көрсөтөбүз, кеңеш беребиз, четөлкөлүктөргө жана алар тарабынан жасалган мыйзам бузууларга ыкчам аракет кылабыз.

— Четөлкөлүктөр Кыргызстанда кандай кылмышка барышат?

— Андай учурлар азырынча каттала элек, бизде туристтер жакшы.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурбеков: биз четөлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылабыз, туристтер көп кыдырган аймактарга күзөткө чыгабыз. Укуктук жардам көрсөтөбүз, кеңеш беребиз, четөлкөлүктөргө жана алар тарабынан жасалган мыйзам бузууларга ыкчам аракет кылабыз.
Англисче билүү зарыл эмес. Бишкек турмилициясынын 24 жаштагы жетекчисинин маеги - Sputnik Кыргызстан
Нурбеков: биз четөлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылабыз, туристтер көп кыдырган аймактарга күзөткө чыгабыз. Укуктук жардам көрсөтөбүз, кеңеш беребиз, четөлкөлүктөргө жана алар тарабынан жасалган мыйзам бузууларга ыкчам аракет кылабыз.

— ИИМде чет тилин кантип өздөштүрүп, кандай жол менен жакшыртылат? Кандайдыр бир курстар барбы?

— Биз англис тилин аптасына үч ирет үйрөнөбүз. ИИМге Борбордук Азиядагы Америка университетинин мугалимдери келип, 30 инспектордун баарына аудиторияда сабак беришет.

— Куралчан жүрөсүздөрбү?

— Ооба, бирок кандай курал алып жүрөрүбүздү айта албайм. Кызматтык сыр.

— Туристтер сиздерди кантип табышат? Көчөдөн кайрылышабы же милиция бөлүмүнө келип арыз жазышабы?

— Көчөдөн түз кайрылышат. Кыргыз, орус жана англис тилинде "Туристтик милиция" деген жазуу менен таңгыч бар. Башта алар бизден чочулашчу, ал эми азыр башка мамиле болуп калды. Туристтер өздөрү бизге келип, сүрөткө да түшүшөт. Маселелери болбосо деле жөн гана баарлашуу үчүн келишет.

— Туристтерге кол салган учурлар көппү бизде?

— Андай учур боло элек, алдыда да болбой эле койсун.

— Таңда ШИИБ имаратынан чыкканда эмнелер болот? Туристтик милициянын бир күнү кандай өтөт?

— Туристтер көп кыдырган аймактарга күзөткө чыгабыз, "Ала-Тоо" аянты, соода борборлору, мейманканалар, эл жыш болгон парктарды аралайбыз.

— Быйыл жайда биздин кызматкер борбор калааны атайын аралап кесиптештериңиз менен англис тилинде сүйлөшүп көрүүгө чыккан. Былтыр декабрь айындагы экспериментти кайталап көргүсү келген эле, бирок шаардын дал ортосун төрт айланып чыгып да кесиптештериңизди таба албай койду. Же сиздерде белгиленген жерлер барбы?

Эмне деди? Бишкектеги туристтик милициянын англисче билер-билбесин текшерген видео - Sputnik Кыргызстан
Эмне деди? Бишкектеги туристтик милициянын англисче билер-билбесин текшерген видео
— Жайкысын Ысык-Көлдө иштедик, ал убакта туристтер көп болду. Ал эми инспекторлор Ысык-Көл облусунда өтө аз, ошондуктан бизди ал жакка жолдошкон. Негизинен бизди "Ала-Тоо" кинотеатрынын тушунан же борбордук аянттан таба аласыздар. Сиздердин эксперимент туурасында айтарым, биздин взводдун башчысы ошондо сиздин кесиптешиңиз менен англис тилинде жетишерлик жакшы деңгээлде сүйлөшө албай калыптыр. Бишкектин туристтик милициясынын начальнигине англис тилин сөзсүз билүүнүн зарылдыгы жок, ага жараша мен да милдеттүү түрдө билүүгө тийиш эмесмин. Мен түрк тилине адистешкем.

— Туугандарыңыз же тааныштарыңыз телефон чалып, кай бир нерсени ордуна сунуштап бирөөнү ишке алууну өтүнгөн учурлар болобу?

— Жок, андай болгон эмес. Тандоо сынактык негизде гана жүрөт.

— Сизге канча ирет пара сунушташкан?

— Азыр жолдун коопсуздугуна да көз салганыбыздан улам айдоочулар дээрлик ар күнү пара сунушташат.

— Алып көрдүңүз беле?

— Жок, албетте.

— Кийин бөлөк бөлүмдөргө которулуп кетүү үчүн азырынча туристтик милицияга ишке орношушат деген маалымат бар. Сиздин взводдо андай учур болдубу?

— Жок. Баары азыр өз орундарында иштеп жатышат. Которуулар болгон жок.

— Туристтик милициянын инспектору болууну каалагандарга кандай негизги талаптар коюлат?

— Ак ниет, чынчыл, пунктуалдуу, жакшы формада, жогорку юридикалык билими бар жана кеминде бир чет тилин билүү керек.

— Маянаңыз кандай?

— Так жооп бере албайм, бирок айлык акыбыз кадимки милиционерлердикинен жогору.

— Туристтик милицияга кооз улуттук кийим кийгизип, ат мингизүүгө кандай карайсыз?

— Бул маселени ИИМ чечет, бирок мен макул болмокмун. Биз да андайды пландаганбыз. Башта жарандык кийимчен, бейджик тагынып жүрөлү дегенбиз, анткени туристтер формачандардан чочулашат.

— Бул демилге четке кагылганбы же ишке ашып калышы ыктымалбы?

— Билбейм, балким келечекте жүзөгө ашып калгысы бардыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0