Кыргыз-казак чек арасындагы бир көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылат

Жазылуу
Көзөмөл өткөрүү пунктун жабууну казак тарап демилгелеп, мындай аракет аба ырайынын катаалдашканына жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында жасалууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пункту 1-декабрдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, көзөмөл өткөрүү пунктун жабууну казак тарап демилгелеген.

"Аба ырайынын катаалдашынан жана өзгөчө кырдаалдардын болуп кетүү коркунучун алдын алуу боюнча "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пунктунан кишилер менен транспорт каражаттарын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган көзөмөл өткөрүү пункту качан ачылары айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0