Тойго даяр ресторан. Архивдик сүрөт

Жакшылыкта башкача жарышпайлыбы... Коёндой окшош тойлор тажатканда

1311
(жаңыланган 18:55 30.11.2019)
Акыркы кезде өлкөдөгү тойлор коендой окшош болуп, ысырапкорчулук менен коштолуп, эл көрсүн үчүн жасалган жакшылыктан коноктор качып калды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов азыркы тойлор жөнүндө ой-толгоосун жазды.

Ар бир кыргыз алакан жайып бата кылса эле "Ак досторкон жакшылыкка жайылсын", "Жакшылыктарда эле чарчайлы" дейт эмеспи. Ал эми меймандарга "силер дагы той өткөрүп, келин алып, кыз бергиле, жугуштуу болсун" деген тилегин айтат.

Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык...

Күз келип береке төгүлүп турган маалда тойлордун сезону башталат. Көпчүлүк кыргызстандыктар өз жакшылыгын ушул мезгилде өткөрүүнү пландайт. Бул кезде ырчы-чоорчулардын колу бошобой көпчүлүгү тойлордо кызмат кылып, тойканаларды дем алыш күндөргө табуу кыйынчылыкка туруп калат. Ал жакшылыктардын көпчүлүгү "мен андан эмнем кем, эл биздин катышыбызды, кадыр-баркыбызды көрсүн" деген сөздөр менен коштолуп өтөт. Той ээлери колдон келишинче конокторду таң калтыруу аракетин көрүп таанымал ырчыларды, белгилүү саясатчыларды чакырып, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылып коноктоодо. Аларга атаандашкандар чама-чаркы жетпей турса да карыз алып, тапкан-ташыганын баарын өз жакшылыгына жумшап жатат. Албетте, алардын эч кимисине тыюу сала албайбыз. Бирок коомчулук мааракелер аша чапкандык менен уюштурулуп, той өткөргөндөр коноктордун саны, алардын арасында кайсы атактуулар бар экендигин сөз кылып мактанып калгандыгын айтып келишүүдө.

Эсептешкен жакшылык...

Ысырапкорчулук менен коштолгон иш-чаралар коендой окшош болуп өткөрүлүүдө. Мисалы, бир айда төрт тойго барсаң, баягы эле эки антракт, эки ысык тамак, аягында эт тартылат. Жакшылык ээлери менен тамада эле башка болбосо, адамдын чарчаткан ошол эле музыка, айтып бүтпөгөн узун ошол эле калоо-тилектер. Кээде тойдогу кишинин көптүгүнөн той ээлери менен амандашып, саламатчылык дагы сураганга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ушундай сценарий менен уюштурулган тойдон эл тажап, тойканада өткөрүлгөн маараке элеттиктердин жападан жалгыз көңүл ачуу чордонуна айланып калгандай. Мындай тойго чакырылгандардын айрымдары кошумчасын берүү үчүн гана мойнунан байланган иттей болуп эптеп барып калды. Кээде ошол кошумчанын айынан тууганчылык байланыштын үзүлүп калып жатканын деле көрүп жүрөбүз.

Жакшылыкта башкача жарышпайлыбы?

Ар бир адам өзүнүн кубанычын кантип, каякта, кимдер менен бөлүшүүнү өзү билет эмеспи. Бирок келин алып, кыз берип, уулдуу же үйлүү болгондо жакшы кабарыбыз менен башкача бөлүшпөйлү. Мисалы, жаңы баш кошкондорду тойго кетчү каражатка турак жай алып берели. Анчалык эле кирешебиз ашып-ташып, эл оозуна алынгыбыз келсе бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрүнө түзмө-түз жардам берип көңүл жылытпайлыбы. Жок дегенде мектептеги окуучуларга топ алып бергенге чамабыз жетсе керек. Тилектеш, санаалаш адамдар менен биргеликте айылдагы, аймактагы социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине бирге кол суналы. Туугандар биригип карапайым калкка пайдалуу өз долбоорлорубузду ишке ашыралы, ишкана ачалы кийин балдарыбыз ошонун менен мактансын. Кароосуз калган жетим балдардын башынан сылайлы, муктаждарга жөлөк бололу. Себеби өз турмушубузда коомдогу орчундуу көйгөйлөргө күндө эле көрүп, жаныбыз кейип жатат го.

Келечек муунга кам көрөлү, кур намыстанып жатып башыбыз тойдон чыкпай калды окшойт. Качанкыга чейин арабдар суу чыгарып берсе, кытайлар жолубузду жасаса, орустар техника берсе деп отура беребиз.

Азыр ата-энелер тогуз тойдон калбай, бирок балдарына тогуз китеп алып бергенге жарабай калдык. Заңгыраган үй салып ичине чакан китеп бурчун уюштуруп бергенге чолобуз тийбей калды. Сүйлөгөнүбүз, ойлогонубуз, мактанганыбыз, актанганыбыз той болууда.

Жакшылыктарды чакан, ашыкча чыгымы жок өткөрүүгө бел байлайлы, туугандар. Ал аракеттерибиз берекенин, тууганчылыкты бекемдеген саамалыктардан болсун.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

1311
Белгилер:
колумнистика, маараке, той, Кыргызстан
Тема боюнча
Кудага сөзсүз эле 10 жолу эт тартып түштөнтүү керекпи? Ыксыз каадалар
Коңшулар ири аэропорт куруп, жаңы автоунаа чыгарганы жатат. Кыргызстанчы?
Кыргыздын кыздары эмнеге турмушка кеч чыгып калышты? 7 себеп

Токой рейнжери мүйүзү менен чырмалышкан эки эликти бир ок атып куткарды. Видео

2
(жаңыланган 12:48 20.01.2021)
АКШлык токойчу сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, бири-биринен бошоно албай калган эки эликти бир ок менен таамай атып бошото алды.

Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул туууралуу Fox23 жарыялады.

Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аркет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчу рейнжерлер жардамга келишкен.

Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.

Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.

2
Белгилер:
куткаруу, ок атуу, окуя, элик, токойчу
Тема боюнча
Ата албай калган камандан чаңырып жатып кутулган. Италиядагы аялдын видеосу
( / / )

Адис: Япония менен Кореянын жарандары КРге кызыгат, бирок келе албай жатышат

5
Туризм тармагындагы адистин айтымында, Кыргызстанга чыгыш өлкөлөрүнүн жарандарынын кызыгуусу күч. Бирок алар келиш үчүн жолго эле эки күндөй убакыт коротушу керек.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Япониялык жана түштүк кореялык туристтер Кыргызстанга абдан кызыгышат. Бирок ыңгайлуу аба каттамдары жок болгондуктан келгиси келбейт. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эмне себептен Кыргызстан кышта туристсиз калуу коркунучуна кептелди? Тоо лыжа базаларындагы абал" аттуу брифингге катышты.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн эки өлкө тең ири рынок болуп бере алат.

"Эгер туризм тармагындагы программаларды ишке ашыра турган болсок, перспективасы күчтүү рыноктордун бири Япония болуп эсептелет. Азыр деле бизге япониялыктар көп келишет, бирок аларга учуп келүүгө ыңгайлуу эмес. Токиодон Бишкекке келүүнүн эң жакын жолу Москва аркылуу жайгашып, эки күнгө созулат. Нур-Султан шаары аркылуу келсе деле ушунча убакыт кетет", — деди ал.

Комиссаровдун айтымында, Түштүк Корея менен дагы ушул сыяктуу кырдаал түзүлгөн.

"Түштүк Корея — эң сонун рынок, бул өлкөнүн жарандары Кыргызстанга көп каттайт. Төрт жыл мурда Бишкек — Сеул каттамы ачылган, бирок кардар жок болгондуктан, жарым жылдан кийин жабылып калган. Биз каттамды аткарган авиакомпания даярданбай туруп иш баштап алганына таң калганбыз. Жадагалса жергиликтүү туроператор каттам ачылгандыгы боюнча ЖМКлардан угушкан", — деди адис.

Ал кошумчалагандай, башка мамлекеттер кайсы бир өлкөгө аба каттамын ачуу үчүн алгач туристтик агенттиктер менен сүйлөшүп, кардар чогултушат.

5
Белгилер:
авиакаттам, туризм, Түштүк Корея, Япония, Кыргызстан
Тема боюнча
New York Times КРди 2021-жылы саякаттоого сунушталган өлкөлөрдүн катарына кошту