Член первичной организации Кыргызского общества слепых и глухих Бахтияр Мамбетказиев

Көзүм көрбөгөндүктөн досум жетелеп баратса гей деп шылдыңдашты. Маек

774
(жаңыланган 15:12 01.12.2019)
Бахтияр Мамбетказиев азиз жана кереңдерге ишке орношууга көмөктөшүп келет. Өзү бала кезинен начар көрөт. Sputnik Кыргызстандын окурмандарына көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп ачуунун зарылдыгы жоктугун түшүндүрүп берди.

"Көрүүсү начар адамдарга иш табыш дээрлик мүмкүн эмес. Бирок алар эч нерсеге жөндөмсүз экен дебегиле. Биздин балдар мыкты чеберлер, техниканын тилин билгендер. Алтургай, официант болуп иштегендери да арбын", — деп баштады кебин Бахтияр.

Өткөн айдын ортосунда, тагыраагы, 13-ноябрда дүйнө Азиздер күнүн белгиледи. Кыргызстанда беш миңден ашуун азиз катталган.

— Курчаган чөйрөңүздү канчалык көрө аласыз?

— Караандарды, жолду, автобусту көрөм. Бирок, мисалы, сиздин ээгиңиз, көзүңүз же жолдогу чуңкурлар көрүнбөйт... Троллейбустун номери да. Бала кезде врачтар катаракта (челкөз) деп аныкташып, операция жакшы жасалбай калган. Бара-бара предметтерди так ажырата албай бараттым. Азыр эки гана пайыз көрөм, убакыт өткөн сайын көрүү дагы начарлайт. Оору күчөп келет, ал эми көрүү жөндөмүн кайтара алчу дарылоо ыкмасы жок. Тек гана убактылуу кармап тура алат. Зээнди кейиткени — өтө кымбаттыгы, 10 миң доллардан жогору турат. Ал эми менин андай каражатым жок.

— Азиздердин ишке орношуусуна жардам берет экенсиз.

— Азиздер жана кереңдер кыргыз коомчулугунун баштапкы уюмуна бир топ киши кайрылат. Өзүмдү бул мекеменин төрагасымын деп койсом болот. Биздин милдет — колдон келишинче бизге кайрылгандарга азыраак болсо да шарт түзүп берүү.

Ушул тапта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштурган бир нече жер бар. Жеңил өнөр жайына жумушчулар көп керектелет, ал жакка керең адамдарды жөнөтөбүз. Азиздерди капкак өндүрүүчү ишканаларга же атайын ачылган кафелерге ишке киргизебиз.

Биздин арабыздан бирөө чакан иш түптөгөн, кагаз тиркөөчү папка (скоросшиватель) жана банка менен бөтөлкөнүн капкактарын чыгарат. Өзү азиз, көрүүсү начар адамдардын иш табышы кандай азап экенин жон териси менен сезген. Башка азиздер ал жакка официант, ашпозчу же тазалоочу катары жумушка орношсун деген ойдо болгонбуз.

Анүчүн атайын жай таптык, долбоор ишке ашты. Бирок ал жайды айрым себептерден улам жабууга аргасыз болдук. Мыйзамсыз курулган объект болгондуктан, түрттүрүп салууга туура келди.

Член первичной организации Кыргызского общества слепых и глухих Бахтияр Мамбетказиев
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Бахтияр Мамбетказиев азиз жана кереңдерге ишке орношууга көмөктөшүп келет. Өзү бала кезинен начар көрөт.

— Бишкектин көчөлөрүндө ары-бери жүрүү көрүүсү начар адамдарга канчалык кыйынчылык жаратат?

— Калаада майыптар тургай, дени сак адамдарга шарттар дээрлик түзүлгөн эмес. Дүйнөлүк стандарттар бар, бирок Бишкек аларды дегеле сактабайт. Шаар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлаштырылып курулган шартта гана дени сак адамдардын да кыймылына абдан жеңил болот. Өз алдынча баса албаган кишилерге Бишкекте жашоо кандай кыйын экенин билесиздерби? Жакшы тротуарлар башкы көчөлөрдө гана бар, коомдук жайлардагы пандустар коляскачан адамдардын санын кыскартуу үчүн жасалгандай элес калтырат. Жер өтмөгү же турак жайлардагы пандустарды көрүп жүрөсүзбү? Аларды "Остаться в живых" оюнун ойлоп табуучулар долбоорлогон өңдөнөт.

Бирок жакшы шарттар да бар, мисалы, жер өтмөктөрүндөгү томпоюп чыгып турган сары түстүү жолдор атайын азиздерге, алар бараткан багытынан адашпоосу үчүн жасалган. Бишкекте андай багытты билдирип турчу жолдордун курулушу алкоого татырлык. Дарыканаларда да дарылар Брайль системасы менен жазылган. Аны кооздук катары гана кабыл алган айрым дарыканачылар да жок эмес.

Дагы бир нерсени белгилеп койгум келет. Азиздер үчүн атайын мектепте окугам, андай билим берүү жайына балдарды берген натуура экенин өзүмдөн улам айтар элем. Он бир жыл бою атайын шарт түзүлгөн жерде окуп, анан чыныгы турмушка аттанасың. Анда сенин азиз экендигиңе эч кимдин башы оорубайт. Университетке өткөндө акылдан айный жаздагам, болор-болбос тапшырмаларды араң аткарчумун.

— Оңтойсуз абалга кабылган жайыңыз барбы?

— Көрүүм начар экенин көп киши аңдап биле бербейт. Сыртымдан дегеле байкалбайт, таягы жок деле жакшы жүрө берем.

Азыр жаш кыздардан жардам сурагандан качам, алар менин өтүнүчүмдү таанышууга шылтоо издеп жатканымдай кабылдашат. Бишкектик бийкечтер этибарга албай же кагып-силкип өтүп кетишчү болду. Бир жолу таптакыр көрбөгөн досум экөөбүздү жетелешип баратканыбыздан улам гей деп ойлошту. Өтүп бараткан бир киши бизге атайын угуза уяткарууга аракет кылды. Жубайым менден да начар көрөт, ал аябай оңтойсуз абалга кабылган. Жолдон өтүп баратыптыр. Бир аз буйдала түшөт, ошол убакта өтүп бараткан бирөө жардам берейин деп трассанын бөлөк жагына жетелеп барып коет... Жубайым аларга айтып түшүндүрүүгө да үлгүрбөй калат. Ошентип башка жакка өткөрүп коюп кетип калышыптыр.

Антсе да биздин шаардыктардын боорукердиги, адамгерчилиги мени кубандырат. Керең жана азиздер коомундагыларга бир топ жардам берилет. Бизде Боря аттуу карыя бар, аптада бир нече ирет карылар үйүнө келип турат. Өзү жакшы музыкант, биздин чакан оркестрде ойнойт. Боря ата эч качан эч нерсени көргөн эмес, тубаса азиз, калаада таяк менен жүрүп, өз киндигин өзү кескен киши. Аны көп киши таанып, жеткирип коюшат. Айрымдар аны адашып кетпегей эле деп санааркап, клубга чейин коштоп келишет.

Член первичной организации Кыргызского общества слепых и глухих Бахтияр Мамбетказиев
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
"Өз алдынча баса албаган кишилерге Бишкекте жашоо кандай кыйын экенин билесиздерби? Коомдук жайлардагы пандустар коляскачан адамдардын санын кыскартуу үчүн жасалгандай элес калтырат", — дейт азиз Бахтияр Мамбетказиев.

— Жеке бир суроо берейин. Жогоруда жубайыңыздан кеп салдыңыз, дээрлик көрбөйт дедиңиз. Жолуңуздар кандай биригип калды?

— Кереңдер жана азиздер коомунун баштапкы уюмунда адамдарды ишке гана орноштурбастан, өзүбүзгө эс алууну ойлоп таап, чыгармачылык кечелерди өткөрүп турабыз. Он жылдай мурун бизге жаңы кыз келип кошулду. Анда азыркыга караганда жакшыраак көрөр элем, сымбаттуу, узун буттуу, кундуздай чачы бар бийкеч экен. Көз ала албай карап турчу кыз десеңиз! Ал дээрлик азиз эле. Экөөбүз тең музыкага шыктуу болуп чыктык, мен гитарада ойноп, ал ырдай баштады.

Эми ыр созгонун айтпаңыз! Бир топ жылдан соң баш коштук. Жубайым алигүнчө мага ырдап берет, баары баштагыдай эле сонун. Жылдар өткөнүнө карабай сынынан жазбады, сулуулугун жоготподу. Эки уулдуу болдук. Балдарыбыздын көрүүсү жакшы, алар биздин бул дүйнөдөгү көздөрүбүз. Биз жакшы байкай албаган убакта алар майда-чүйдөсүнө дейре сүрөттөшөт. Маселен, шаарды аябай сонун кооздошконун же борбордук аянтта кайсы гүлдөрдү отургузушканын айтып беришет.

Азыр жубайым эс тартып же турмушту көрүп калган убакта көрбөй калган адамдарды окутат. Аныкы оңой-олтоң иш эмес. Эгер тубаса азиз болсо, алар мындай тагдырына өтө эле кейип-кепчий беришпейт, ал эми кийин көрбөй калган кишилер муну оор кабылдайт. Мектепте алар айланада кантип кыймылдоону гана эмес, жашоону кайра баштоого үйрөтүшөт. Жубайымдын бул иш менен алектенгендиги мен үчүн чоң сыймык.

— Көрүүсү начар адамдар мамлекеттен кандай жөлөк пул алышат?

— Арзыбаган акча да! Майыптыгынын баскычына жараша, бирок жөлөк пулдун өлчөмү орточо 1,5 миңден 5 миң сомго чейин. Мамлекет менен журналисттер майыптарды мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө жакын гана эстеп калышат. 13-ноябрда Азиздердин дүйнөлүк күнү болду, ал эми 3-декабрда жалпы майыптар күнү белгиленет.

Жыл сайын биздин клуб чакан майрам өткөрөт. Соңку 20 жылдан бери программа дегеле өзгөрбөйт: майыптар башка майыптардын алдында өнөрлөрүн тартуулашат. Бул ирет жергиликтүү эстрада жылдыздарын же белгилүү КВНчилерди чакыралы дегенбиз, бирок ишке ашпай калды. Балким, 3-декабрда болуп калар.

Член первичной организации Кыргызского общества слепых и глухих Бахтияр Мамбетказиев
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
"Азыр жаш кыздардан жардам сурагандан качам, алар менин өтүнүчүмдү таанышууга шылтоо издеп жатканымдай кабылдашат", — дейт азиз Бахтияр Мамбетказиев.

— Сиздердин коомго жардам бергиси келген кишилер кандай көмөк көрсөтө алат?

— Биз чогулган клубду көрдүңүз беле? Бизге эң зарылы — ремонт. 60-жылдары оңдолгон боюнча турат. Чубалгылары чубалып, муздактыгын айтпаңыз. Кайсы бир күнү урап түшүп же чубалгыдан от чыгышы ыктымал. Мэрияга кайрылган жокпуз, жергиликтүү бийликтин ансыз да жумушу чачтан көп. Майда өтүнүчтөрүбүздү да четке кагып келишет, ремонттон аларга кеп козгоонун кажети да жок.

774
Белгилер:
көз, дары, мугалим, мэрия, үй-бүлө, азиз
Тема боюнча
Казакунова: кош бойлуу кезимде бутум баспай, наристемди көрбөй калдым...
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес
Курулуш иштери. Архив

ЕАЭБ курулуш жаатындагы адистердин билим, эмгек стажын тааныган келишим түзөт

27
(жаңыланган 22:40 04.12.2020)
ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү курулуш тармагында кызмат көрсөткөндөрдүн бирдиктүү рыногун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын бекитишкен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Курулуш жаатында жетектөөчү адистердин (архитектор, инженер) квалификациясын ич ара таануу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда келишим түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү курулуш тармагында кызмат көрсөткөндөрдүн бирдиктүү рыногун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын бекитишкен.

Курулуш тармагында кызмат көрсөткөндөрдүн бирдиктүү рыногу ЕАЭБде 2014-жылы эле түзүлгөн. Анын ичинде инженердик изилдөө, архитектуралык долбоорлоо, курулуш, реконструкция, капиталдык курулуштан өтө турчу объектилерди ремонттоо кызматтары бар болчу.

"ЕЭК комиссиясы биримдиктеги мамлекеттер курулуш тармагындагы бирдиктүү рыноктун иштөө механизмин толугу менен камсыз кылбай койгонун аныктаган. Башкача айтканда, андагы талаптар аткарылган эмес. Алсак, курулуш тармагындагы адистер өз өлкөсүнөн тийиштүү уруксаттарды алганы менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге барганда анысы жарабай, тоскоолдуктарга кабылчу. Мындан сырткары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин куруучулары ошол эле биримдиктин курамындагы башка өлкөлөргө барганда ал жактын юридикалык уруксаты жок кызмат көрсөтө албай келишкен", — деп айтылат маалыматта.

ЕЭКтен түшүндүрүшкөндөй, иш-чаралардын планы бул көйгөйдү акырындык менен чечүүгө жардам берет.

Курулуш жаатында жетектөөчү адистердин (архитектор, инженер) квалификациясын ич ара таануу боюнча план бардык мамлекеттердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыгып, 2022-жылы бул боюнча эл аралык келишим түзүлүшү күтүлүүдө.

Ал документке ылайык, куруучулардын билими, квалификациясы жана эмгек стажынын баары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бирдей таанылат.

27
Белгилер:
келишим, квалификация, адис, курулуш, мамлекет, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ өсүмдүк майынын зыяндуулугун азайтуу үчүн атайын норма иштеп чыгат
ЕАЭБ аймагында "COVID жок саякаттайм" тиркемеси ишке кирет. Артыкчылыгы
Окуучулар сабак учурунда. Архив

7-декабрдан тарта Аламүдүн районунда 34 мектеп иштеп баштайт. Тизме

113
Аталган райондогу Озерный жана Пригородный жаңы конуштарындагы мектептерде бала көп болгондуктан, азырынча 1-класстын окуучуларына гана салттуу режимде окууга уруксат берилген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы 34 мектепте 7-декабрдан тарта салттуу режимде окуу башталат. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Шеркулованын айтымына таянып Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым мектептердин окуучуларына жана ата-энелерине мессенджер аркылуу кулактандыруу келген.

"Урматтуу ата-энелер, дүйшөмбү күндөн тарта мектептен окуп баштайбыз. Расписаниени кийинчерээк айтабыз", — деп жазылган кулактандырууда.

Министрликтин маалымат кызматы бул билдирмени тастыктап, кийинки аптадан тарта кайсы мектептер жана кайсы класстар окуй турганын айтты.

1-класстын окуучулары гана барчу мектептердин тизмеси:

  • Озерный жаңы конушундагы орто мектеп;
  • Пригородный жаңы конушундагы орто мектеп.
  • 1-9-11-класстын окуучулары салттуу режимде билим ала турчу мектептердин тизмеси:
  • Маевка районундагы орто мектеп;
  • Мраморный районундагы орто мектеп.
  • 1-5-9-11-класстын балдары гана салттуу режимде окуй турчу мектептердин тизмеси:
  • Төмөнкү Ала-Арча районундагы мектеп;
  • Васильевская айылындагы №1 орто мектеп;
  • Васильевская айылындагы №2 орто мектеп.

1-2-3-4-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу режимде окуй турчу калган мектептердин тизмеси:

  • Аламүдүн районундагы №1 орто мектеби;
  • Аламүдүн районундагы №2 орто мектеби;
  • Стрельник атындагы орто мектеби;
  • Каирминск орто мектеби;
  • Жогорку Ала-Арчадагы орто мектеп;
  • Кашка-Суудагы орто мектеп;
  • Орто-Алыштагы орто мектеп;
  • Баш Кара-Суудагы орто мектеп;
  • Грозденскийдеги орто мектеп;
  • Бирдиктеги орто мектеп;
  • Кара-Жыгач айылындагы орто мектеп;
  • Көк-Жар айылындагы орто мектеп;
  • Ленин атындагы орто мектеби;
  • Чүй орто мектеби;
  • Н. Бердибеков атындагы орто мектеби;
  • Лебединовка айылындагы №1 орто мектеби;
  • Лебединовка айылындагы №2 орто мектеби;
  • Лебединовка айылындагы №3 орто мектеби;
  • ГЭС-5теги орто мектеп;
  • Октябрь айылындагы орто мектеп;
  • Келечек айылындагы орто мектеп;
  • Бер-Булактагы орто мектеп;
  • Бейшеналиев атындагы орто мектеп;
  • Чокморов атындагы орто мектеп;
  • Горная Маевка айылындагы орто мектеп;
  • Беш-Күңгөйдөгү орто мектеп;
  • Таш-Мойноктогу орто мектеп.

Аталган мектептерге Аламүдүн райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору текшерүүдөн кийин уруксат берген.

113
Белгилер:
Аламүдүн району, окуу, мектеп
Тема боюнча
Министрлик Бишкектин окуучуларынын каникулун узартуу сунушуна жооп берди
Баткенде 213 мектеп салттуу түрдө иштеп жатат
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат