Казанга плов басып жаткан адамдар. Архив

Бөтөн кишиге жамандаба. Туугандар менен мамиле куруу маданияты

1551
(жаңыланган 17:36 01.12.2019)
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Токтогул акын "...агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың" деп бекеринен айтпаса керек. Анткени эч кимибиз тууган-урукту тандай албайбыз. Кудай кандай таяке-жээн, ага-ини берсе, ошону кабыл алышыбыз керек.

Бүгүн "Этикет" рубрикасында дал ошол туугандар менен мамиле түз болуш үчүн кандай эрежелерди кармануу керектиги жөнүндө сөз кылабыз. Жакындар менен алака куруу маданияты боюнча этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Басынтпа

Туугандар арасында деле бардар жана убактылуу кыйналып жашагандар бар. Акча-тыйыны тартыштары башкалардай бай дасторкон жайып коноктоп же кымбат баалуу белек кыла албай калышы кадыресе нерсе. Мындай учурда ага сын тагып, өйдө сүйлөө ашыкча. Аны башкалар деле кылып жетишет. Ал эми туугандардын жылуу сөзү керек.

Бирөөгө жамандаба

Ар бир адамдын кыял-жоругу, кемчилиги болот. Ансыз жашоону элестетүү кыйын. Кээде уруша кетесиңер, кээде жөн гана кыжырыңызды келтирет. Бирок агайынды бөтөн бирөөгө жамандоо туура эмес. Андан көрө сиз тарапка обу жок сын-пикир айткандардан туугандарыңыздын таламын талашыңыз. Башыңызга кандай күн түшсө дагы, жаныңызда турчу ошолор. Ошондой эле туугандар арасындагы көрө албастык өтө негативдүү көрүнүш. Эч качан жакшылыкка алып келбейт. Психология илими көрө албастыкты ашыкча баш оору, ауранын бузулушу катары эсептейт. Демек, бул адаттан тууганыңызга караганда өзүңүз көбүрөөк жапа чегип калышыңыз мүмкүн.

Жеңилин жерден, оорун колдон ал

Колдон келсе, тууган-урукка моралдык дагы, материалдык дагы жардам бере жүргөн жакшы. Бирок ушул эле жерден кошумчалай кетчү нерсе, жардам алып жаткан адам дагы аны качандыр бир кезде кайтаруу керектигин унутушпашы керек. Жок дегенде жакшылыкты унутпай, жылуу сөз айта жүрүү ашыкча болбойт.

Адилет бол

Бардык бир туугандарга же жалпы эле туугандарга текши кароого аракет кылыңыз. Бул нерсе эң эле жөнөкөй белек берүү же жамандык-жакшылыкта кошумча кошуудан башталат. Баарына бирдей мамиле кылбасаңыз, өзүңүз эле жемеге каласыз.

Таарынычты бетке айт

Адам болгондон кийин жакын адамдар ортосунда деле пикир келишпестиктер, таарынычтар болбой койбойт. Же бирөөнүн кыймыл-аракети же сизге кылган мамилеси көңүлүңүзгө толбой калышы ыктымал. Андайда унчукпай калуунун зарылдыгы жок. Убагында айтып калбаса, таарыныч күчөп, жакпаган жагдайлар үстү-үстүнө үйүлө берет. Анын бир күнү сиз "жарыласыз". Мында чоң уруш чыгып, бет карашпай калышыңар толук мүмкүн. Андан көрө жараны ырбатпай, маселени майда кезинде чечип алган туура.

1551
Белгилер:
сын, этикет, мамиле, туугандар
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси (42)
Тема боюнча
Ичип алып элдин айласын кетирбе! Күйөрмандын этикети
Кайната менен сөз талашпа. Кайын журт менен таанышуу этикети
Бактын аяздуу бутактары

Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы

5
Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында аба ырайы климаттык норманын чегинде болмокчу. Жаан-чачын дагы айлык нормасынан ашпайт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан боюнча декабрь айынын аба ырайын алдын ала билдирген синоптиктер адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбостугун айтты. Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 34 градуска чейин жетери кабарланды.

Среднемесячная температура по Кыргызстану в декабре 2020 года
© Фото / Кыргызгидромет
Кыргызстандагы 2020-жылдын декабрьда орточо айлык температурасы

Чүй облусунда жалпы жонунан суук 16 градуска чейин түшүп, ал эми жылыганда 2 градуска көтөрүлөт. Ал эми Таласта жалпы жонунан суук 18 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын нормадан арбын болушу күтүлүүдө. Көл кылаасында жылуулук 8 градустан ашпайт. Ал эми Теңир-Тоодо сууктун күчү декабрда -20…-25 градуска жетери айтылды.

Световая карта среднемесячного количества осадков по Кыргызстану в декабре 2020 года
© Фото / Кыргызгидромет
Кыргызстандагы 2020-жылдын декабрьда орточо айлык жаан-чачын

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы боюнча алганда -1…-3°, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3°…+2 градустан -5…-10 градуска чейин болору айтылды. Ал эми күндүз -2°…+3°, +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, түндүк тарапта -15…-20, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8, күндүз +1…+6 градустун тегерегинде болушу күтүлөт.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы -12…-17, күндүз -4…-9 градус болору айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасын алганда -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4 …+1 градустан, -6…-11ге чейин, күндүз -3 ... +2 градустан +6…+11 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9° болору айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -1…+4° жылуу болсо, күндүз термометр 0…+5 градустан +7…+12° чекке чейин көрсөтүп турат деп болжолдонду.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2 градустан -4…-9га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4...+1 жылуулуктан +5…+10 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болору айтылды.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2°, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустан -1…+4 градуска чейин болот. Күндүз 0…+5тен +7…+12 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турары айтылды.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2ден -4…-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 …+1ден жогорулап, +5…+10° чейин өзгөрүп турат.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден -5…-10 градуска чейин, күндүз 0…-5тен +2…+7 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.

Баткен облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -1 …+4 градуска чейин, күндүз 0…+5тен +7…+12 градуска чейин чыгышы мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2ден -4…-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 …+1ден жогорулап, +5…+10 градуска чейин өзгөрүп турары айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Көл кылаасында жылуулук 8 градустан ашпайт.

Абанын айлык орточо температурасы 0…-2, чыгышында -3…-5 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -7…-12 градуска чейин өзгөрөт. Ал эми күндүз +3…+8 градустун тегерегинде болушу күтүлөт. Бирок кээ бир күндөрү 0…-5° көрсөткүчкө чейин төмөндөй турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы -10…-12, Кочкор районунда -7…-9° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон тарта -14…-19 градуска чейин, күндүз -2 …+3төн -4…-9 градус суукка чейин өзгөрүлүп турары айтылды. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -20…-25 градус, күндүз -11…-16 градуска жете төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Бул аймакта аталган айда плюс деген көрсөткүчтү жолуктурууга болбой турганын синоптиктер билдирди.

Абанын айлык орточо температурасы -12…-14° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн тарта -15…-20° суукка чейин өзгөрүлүп турарын кабарлашты. Кээ бир түндөрү -23…-28 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3…-8ден тарта -9…-14° суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Чаткал өрөөнү

Бул аймакта да плюс деген көрсөткүчтү жолуктурууга болбостугун төмөнкү маалыматтан окууга болот.

Абанын айлык орточо температурасы -10…-12° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон тарта -14…-19° болуп өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -21…-26 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2…-7ден баштап -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Суусамыр өрөөнү

Аталган өрөөндө эң төмөнкү көрсөткүч түнкүсүн, тагыраагы, -34 градуска жетери айтылды.

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулайт да, -14…-18° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15тен тарта -18…-23 градуска чейин, күндүз -2…-7ден баштап -10…-15° болуп өзгөрүп турушу күтүлөт. Кээ бир учурда түнкүсүн -29… -34 градуска, күндүз -16…-21 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

5
Белгилер:
кыш, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы
Кийим сатылган дүкөндүн терезесиндеги манекен. Архив

Казакстандык бодибилдер акыры секс куурчагы менен баш кошту. Сүрөт, видео

41
Нур-Султан шаарында жашаган спортчу көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр колун сураган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандык режиссёр жана бодибилдер Юрий Толочко бир жарым жылдан бери чогуу "жашап" жүргөн Марго аттуу секс куурчагы менен баш кошту. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Той ресторанда өткөн. Үйлөнө турчу жигит кадимкидей эле костюм-шым, колукту ак көйнөк кийген. Жаштарды куттуктаганы ондогон киши келгенин байкоого болот. Юрий "кыздын" колуна шакек салып, жайыраак бий аткарышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр анын колун сураган. Үйлөнүү тоюн бир нече жолу пландап, бирок пандемияга байланыштуу жылдырган болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Өзүнүн айтымында, биринчиден, ал мындай жол менен өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келген. Экинчиден, коомдун кандай кабыл аларына кызыккан.

41
Белгилер:
курчак, бодибилдер, үйлөнүү, секс, Казакстан
Тема боюнча
"Шайтанды кубалайбыз". Индияда бир жаштагы бөбөк менен итти үйлөнткөн окуя
Секс-куурчактын кооптондуруучу жагдайлары айтылды