Унаага жасалма номер таккандардын айып пулу үч эсеге көбөйүшү ыктымал

Жазылуу
Учурда унааларга жасалма мамлекеттик номер таккандардын айып пулу 10 миң сомго чейин болсо, беренелердин алмашуусу менен 30 миң сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда автокөлүктөргө жасалма мамлекеттик номер таккандардын саны көбөйдү. Бул туурасында парламент жыйынында ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар атайын каражаттардын же материалдардын жардамы менен мамлекеттик номерлерди жасатып алып, колдонушат. Аны камера аныктай албай калат.

"КРдин Эреже бузуулар кодексинин 121-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө мамлекеттик жасалма номер таккан айдоочуга бешинчи категорияга чейин айып пул салынат. Ал 10 миң сомду түзөт", — деп белгилеген Саркулов.

Установка паркоматов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия автоунаа токтотуу үчүн ижарага берген жерден канча табат?
Анткен менен жасалма номер менен жүргөндөр көбөйүп бара жаткандыктан ЖКККББ жоопкерчиликти күчөтүү максатында Эреже бузуулар кодексинин 121-беренесинин 4-бөлүгүн Жоруктар кодексинин 173-беренесине алмаштырууну сунуштады. Аталган беренеге ылайык, айып пул биринчи категорияга чейин каралышы ыктымал. Тагыраагы, чоңдор 20 миңден 30 миң сомго чейин төлөсө, жашы жете электер 5 миңден 10 миң сомго чейин төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0