Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева. Архив

Жылаңач кыздардын көргөзмөсүнөн кийин Мира Жангарачева кызматтан кетти

3146
(жаңыланган 01:01 03.12.2019)
27-ноябрь күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Кормилица" аталышындагы көргөзмөнүн бет ачары болгон. Социалдык тармактардын колдонуучулары аны феминисттик көз караштагы иш-чара катары баалап, андагы айрым көрүнүштөргө нааразы болушкан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Коомдо чуулуу талкуу жараткан "Кормилица" көргөзмөсүнөн кийин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Директордун арызына министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, 27-ноябрь күнү аталган музейде "Кормилица" аталышындагы көргөзмөнүн бет ачары болгон. Социалдык тармактардын колдонуучулары аны феминисттик көз караштагы иш-чара катары баалап, андагы айрым көрүнүштөргө нааразы болушкан. Социалдык тармактарда көргөзмөнүн элементи катары жылаңач кыздардын жүргөнү айтылып, сүрөт, видеолору тараган.

Маалыматка караганда, көргөзмөнүн авторлору алдын ала аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча иш-чара өткөрөрүн айтышкан.

"Экспозицияны карап туруп, тема "аялдардын экономикалык эркиндигинен" кыйла өзгөчөлөнүп турарын айтуу зарыл. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик иш-чара макулдашылбай туруп өткөрүлгөнүн эскертти.

3146
Белгилер:
арыз, Азамат Жаманкулов, көргөзмө, кызмат
Тема боюнча
Кара-Суу: эмгек жамаатты нааразы кылган аткаминер иштен кетти
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

52
9-мартка караган түнү кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.

52
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн жылып, кайра муздайт. Бир жумага карата аба ырайы

Эне жүрөгүн элжиреткен "Шумкарлар". Аскерлер айымдарга белек беришти. Видео

73
Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун аскерлери энелерин жана көчөдөн өтүп бараткан айымдарды куттуктады.

8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.

Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.

"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.

73
Белгилер:
майрам, куттуктоо, айым, эне, Аскер
Тема боюнча
Инспекторлор айдоочу айымдарды ыр окуп, шоколад тартуулап куттуктады. Сүрөт
Кыргызстандык кыздардын көбү канча жашында турмушка чыгат. Статистика