Кумтөр кенинде жоголгон эки кишинин ким экени айтылды

Жазылуу
Окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептерин адистер иликтеп жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Күмтөр кениндеги эки киши кандайча жоголуп кеткенин айтты.

Билдирүүгө ылайык, тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков Ford пикап үлгүсүндөгү автоунаа менен жогору жакка чыккан. Ал жакка ал токтоосуз эвакуациялоо сигналын уккандан кийин бульдозердин машинисти Ж. Жунушевди алып чыгуу максатында барышы мүмкүн. Бирок эвакуацияланган кызматкерлер чогулган жерде экөө жок болуп чыккан. Рацияга да жооп берген эмес.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө жоголгон эки киши. Компания кырсыктын чоо-жайын айтты
Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтотулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Жунушев дайынсыз болууда.

Окуянын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт. Окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенүүдө.

Эскерте кетсек, 1-декабрь күнү эртең менен эрте кендин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, түнкү сменде иштеп жаткан эки жумушчуну басып калганы айтылган. Компания кырсыктын чоо-жайын айтып, ушу тапта бардык иштер токтотулуп, издөө аракеттери көрүлүп жатканын белгилеген.

Учурда дайынсыз жарандарды издөөгө 31 куткаруучу тартылган. Алар зарыл болчу техника жана иттердин жардамы менен издешүүдө. Куткаруу иш-аракеттерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Калыс Ахматов жетектөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0