Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив

Саймаити чуусу: премьер Абылгазиев баштаган аткаминерлер УКМКга сурак берет

735
(жаңыланган 00:51 03.12.2019)
УКМКнын билдиргенине караганда, иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер суракка чакырылат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 130-беренесинин 1-бөлүгү ("Киши өлтүрүүгө аракет жасоо") боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

"Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө амалдары жүрүп жатат. 2019-жылдын 2-декабрында "Азаттык" радиосунун журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары - Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, КР президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү - Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшү тууралуу коомчулук ар дайым маалымдалып турат.

УКМКнын билдиргенине караганда, иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибулла Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

УКМК иликтөөдө аты аталгандардын бардыгы суракка чакырыларын маалымдады.

735
Белгилер:
сурак, УКМК
Тема:
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү (37)
Тема боюнча
Мурдагы консул Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы тандалды
Райым Матраимов УКМКдан чыкты. Сүрөт, видео
Табло курса доллара, евро, рубля и тенге на обменном бюро в Бишкеке

Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди

25
(жаңыланган 13:23 04.06.2020)
Мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлуп, бир топ сын-пикирлерди жараткан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланды.

Сурамжылоо

Акча алмаштыруу бюролорун жабуу демилгесин колдойсузбу?
  • Жабыш керек! Акча алмаштыруу жайларын банктарга салыштырмалуу көзөмөлдөө оор
    0% (0)
  • Мен каршымын. Валюта рыногунда атаандаштык болушу керек
    0% (0)
  • Азыр ишсиз отургандар ансыз да көп. Дагы башкаларды жумушсуз калтыруунун эмне кереги бар?
    0% (0)
  • Мага баары бир, менин киреше-чыгашамдын бардыгы сом менен
    0% (0)
Добуш бергендер:
Аталган документ үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлган. Мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирген.

Долбоордун негиздемесинде 2015-жылы Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабууга аракет кылып, бирок коомдук талкуу учурунда колдоо таппай калганы жазылган.

"Акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшү сунушталууда. Бул улуттук валюта рыногунун коопсуздугун, валюта операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана көбүрөөк салык түшүшүнө шарт түзөт", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Документтеги ката

Деген менен мыйзам долбоорунун расмий тилде жазылган негиздемесинде ката кетип калган. Мүмкүн болуучу терс кесепеттердин болжолу бөлүмүндө "Мыйзам долбоорду кабыл алуу "Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө" КР мыйзамдарына өзгөрүтүүлөрдү киргизүү" терс кесепеттерди алып келбейт" деп жазылып турат. Чынында бул мыйзам валюта рыногуна эмес, медицина тармагына тиешелүү.

Ал эми жөндөө таасирин талдоо жөнүндө маалыматында "Мыйзам долбоору жөндөө таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес" деп жазылган.

Законопроект о закрытии обменных пунктов в Кыргызстане
скриншот с сайта Жогорку Кенеша
Акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам

Мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова, Экмат Байбакпаев сунуштаган. Негизги демилгечиси Гүлшат Асылбаева.

25
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, мыйзам, акча алмаштыруу жайы
Тема боюнча
Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы боюнча Улуттук банк комментарий берди
Жалаа жаппасын! Акча алмаштыруу жайлары мыйзам жазган депутаттарга жооп берди
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев

Бейшекеев: өлкөдө жыл башынан бери 828 өрт кырсыгы катталды

3
(жаңыланган 13:07 04.06.2020)
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев үстүбүздөгү жылдын беш айында катталган өрт кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 30,6 пайызга азайганын айтты.
Бейшекеев: өлкөдө жыл башынан бери 828 өрт кырсыгы катталды

Өлкө ичинде жыл башынан бери 828 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр 2019-жылдын январь айынан май айына чейин республика боюнча 1193 өрт кырсыгы болгон.

"Быйыл өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Ош жана Чүй облустары менен Бишкек шаарында катталды. Башкы себептери — электр шаймандарынын бузулушу, аны туура эмес колдонуу, от жакчу мештерди туура эмес эксплуатациялоо жана отко этиятсыз мамиле кылуу. Бирок былтыркыга салыштырмалуу 30,6 пайызга кыскарды. Тактап айтканда, быйыл жыл башынан бери 828 учур болсо, былтыр беш ай аралыгында 1193 өрт кырсыгы катталган. Мындай статистика өрт өчүрүүчүлөр үчүн көңүл кубантарлык көрүнүш жана чоң жетишкендик. Эми азыркы тапта жай келип, күн да катуу ысый баштады. Бул мезгилде ачык аянттарда өрт чыгуу тобокелчилиги жогору болот. Мындан улам бардык жарандарды ачык аянттардагы чөптөрдү байма-бай сугарууга жана өрт коопсуздугун сактоого чакырам. Ошондой эле ар бир үйдө өрт өчүрүүчү зарыл каражаттар — суу менен кумдун топтому жана жазы кездеме болушу талапка ылайык", — деди Бейшекеев.

Ал ошондой эле бардык коомдук жайларда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

3
Белгилер:
статистика, кырсык, өрт, ӨКМ
Тема боюнча
Бейшекеев: эреже боюнча газ баллон имараттын сыртында болушу керек