Бишкекте 5000 абонентке 6-декабрга чейин газ берилбейт

CC0 / PublicDomainPictures / Отключения газа в Бишкеке
Отключения газа в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от жер астынан өткөн газ түтүктөрүндөгү тешикчелерди жамоого байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Жалпы жонунан бул убакыт аралыгында 5000 абонент газы жок болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда 1-декабрдан баштап газ өчүрүлгөн. Оңдоо иштери 6-декабрга чейин улана турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Газды убактылуу өчүрүү Профессор Зима жана Көкчөтау көчөлөрү аркылуу жер астынан өткөн газ түтүктөрүндөгү тешикчелерди жамоо иштерине байланыштуу болот.

"1-6-декабрга чейин жаратылыш газын убактылуу токтотуу иштери Тоголок Молдо, Махатма Ганди, Саадаев көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналынын жээгинде жүргүзүлөт. Ошондой эле Көлмө, Салам-Алик, Щербаков конуштарында да көгүлтүр от үзгүлтүккө учурайт. Жалпысынан бир жума бою 5 000ден ашык абонентке газ берилбейт", — деп жазылат маалыматта.

"Бишкекгаз" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0