Ысык-Көлдөгү бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

Жазылуу
Түп жана Кызыл-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчылыгына бирден гана талапкер көрсөтүлгөн. Алар 2-декабрда болгон шайлоодо айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алышкан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жана Түп районунун Түп айылынын башчылары шайланды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мирбек Шамырканов, Түп айыл өкмөтүнүн башчылыгына Жеңишбек Сатыбалдиев келди.

Аталган айыл өкмөттөрүнүн башчылыгына бирден гана талапкер көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0