Бишкекте "Унаасыз күн" акциясын өткөрүү сунушталды

© Sputnik / Акылбек БатырбековНадземный пешеходный переход возле рынка "Мадина"
Надземный пешеходный переход возле рынка Мадина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү борбор калааны баскан ыш кызуу талкуу жаратууда. Бийлик кара түтүндүн негизги себеби автоунаа экенин жар салды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектин Бактыбек Мейманбеков аттуу тургуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу бейшемби күнү, 4-декабрда, "Унаасыз күн" акциясын уюштурууну сунуштады.

Анын пикиринде бул күнү бардык айдоочулар жөө жүрүшү керек.

Бир катар колдонуучулар анын идеясын колдоп, жарыялаган постун бөлүшүп жатышат.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү борбор калааны баскан ыш кызуу талкуу жаратууда. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги зыяндуу заттардын көбүн автоунаалар бөлүп чыгарарын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0