Кыргызстанда күбөлүк, аттестат жана дипломдун жаңы үлгүсү иштелип чыгат

© SputnikСреднее общее образование в Кыргызстане
Среднее общее образование в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчу топко жогорку окуу жайлардын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларынын билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин үлгүсүн иштеп чыгып, аны коомчулуктун назарына сунуштайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн 20 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирди.

"Жумушчу топ тиешелүү документтер боюнча өз ой-пикирлерин иштеп чыгып, 16-декабрга чейин күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсүн сунушташат. Документтер комиссиянын жалпы жыйынында жактырылгандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Үлгүлөр эки апта коомчулуктун назарында болуп, алардан түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен басып чыгарууга уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0