Бишкек шаарынын балансына үч бала бакча кайтарылды. Даректери

© пресс-служба мэрии города БишкекТри детских садика вернуло на баланс города
Три детских садика вернуло на баланс города - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайтарылган бала бакчалардын баары тең Бишкек шаарында жайгашкан. Айрымдарын мамлекеттик мекемелер колдонуп келген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы үч бала бакчаны шаардын балансына кайтарды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, кайтарып алынган бала бакчалардын баары тең Бишкек шаарында жайгашкан. Айрымдарын мамлекеттик мекемелер колдонуп келген. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы үч бала бакчаны шаардын балансына кайтарды
Бишкек шаарынын балансына үч бала бакча кайтарылды. Даректери - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы үч бала бакчаны шаардын балансына кайтарды

Өкмөттүн октябрь айындагы токтому менен №11 кичирайондо жайгашкан эки кабаттуу имарат муниципалдык менчикке берилди. Учурда аны мэриянын атына каттатуу аракеттери көрүлүүдө. Буга чейин анда Кыргызпатенттин кеңсеси жайгашып келген. Алар имаратты жыл башында бошоткон. Аны бала бакчага ылайыктоо үчүн шаардык бюджеттен 14 миллион сом бөлүнгөн. Оңдоо иштери аяктаса 200 бала кабыл алынат. 

© пресс-служба мэрии города БишкекАга ылайык, кайтарып алынган бала бакчалардын баары тең Бишкек шаарында жайгашкан
Бишкек шаарынын балансына үч бала бакча кайтарылды. Даректери - Sputnik Кыргызстан
Ага ылайык, кайтарып алынган бала бакчалардын баары тең Бишкек шаарында жайгашкан

Андан сырткары, Чокморов, 253 дарегинде жайгашкан дагы бир бала бакча мэрияга өттү. Бул имарат буга чейин деле бала бакча болуп иштеп келген.

Последствия землетрясения населенных пунктах Чон-Алайского района Ошской области - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы Кыргызстанда эмнелер курулат? Өкмөттүн убадалары
Нарвский, 74 дарегиндеги бала бакчаны да муниципалитеттин менчигине каттоо иштери жүрүп жатат. Учурда имарат иштебейт, толук оңдолгондон кийин 200 баланы кабыл алат.

Мэриянын маалымат кызматынын кабарлашынча, Муниципалдык менчик башкармалыгы буга чейин башкаларга берилип кеткен билим берүү мекемелерин кайтаруу аракеттерин көрө бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0