Акча каражаттары. Архив

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 104 миң сомду түзөт

781
(жаңыланган 13:15 04.12.2019)
Депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстанда дайыма пенсиянын эң төмөнкү көлөмү айтылып келерине токтолуп, өлкөдөгү эң жогорку пенсиянын көлөмүн сурады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда эң жогорку пенсия 104 миң сомду түзө турганын Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Парламент "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров Кыргызстанда пенсиянын эң төмөнкү көлөмү айтылып келерин, бирок эмнегедир эң жогорку пенсия айтылбай турганына кызыкты.

Ирсалиев эң жогорку пенсияны ким аларын айтууга укугу жок экенин билдирип, болгону анын көлөмүн гана айта аларын кошумчалады.

Депутат өз кезегинди персоналдык пенсионерлердин саны канча экенин сурады.

"Учурда 2000дей персоналдык пенсионер бар, алар орто эсеп менен 15-16 миң сомдун тегерегинде акча алат. Мындай пенсионерлердин саны жылдан-жылга кыскарып келе жатат. Себеби Кыргызстанда персоналдык пенсияга чыгуу тартиби жоюлган", — деди Ирсалиев.

Социалдык фонддун буга чейин берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1200 сом пенсия алгандар дагы бар.

781
Белгилер:
пенсионер, пенсия, Социалдык фонд
Тема боюнча
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат
Кыргызстанда пенсионерлердин жарымынан көбү пенсиясын банк аркылуу алат
Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты