Алтынбек Сулайманов: Айэркен Саймаитини он жыл мурда эле таанычумун

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер жана башка адамдар суракка чакырылмай болгон.

БИШКЕК, 4-дек. - Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов УКМКга барганда андан Саймаити менен тааныштыгы тууралуу сурашканын журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, депутат 3-декабрда УКМКга Кыргызстандан чыгарылган миллиондор боюнча журналисттик иликтөөнүн алкагында күбө катары суракка чакырылган.

Сулайманов журналисттерге сурактын маңызы тууралуу маалыматты таратпайм деп кол коюп бергенин айтып, бирок Саймаити менен тааныштыгы тууралуу суроо берилгенин билдирди.

"Айэркен Саймаитини илгери эле, 10 жыл мурда таанычумун. Мен аны "Кара-Суу" базарындагы бир ишкер катары тааныйм", — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер жана башка адамдар суракка чакырылмак. Алардын арасында иликтөөнү жасаган журналист Али Токтакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары — Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, КР президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү — Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев бар.

УКМК имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК "Азаттыктын" журналисттерин суракка келүүсүн суранды
Буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов да сурак берген.

Ноябрдын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

25-ноябрда Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өтүп, уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0