"Тазалык" кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү талабы коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековТазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэр кызматтардын жетекчилерин сынга алып, ошол эле учурда ал жакта иштегендердин маянасын көтөрүү маселеси караларын убадалады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Тазалык" муниципалдык ишканасында иштеген кызматкерлердин маянасын көтөрүү маселесин карап көрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, вице-мэр Мирлан Амантуров тийиштүү кызматтарга бюджеттик каражатты өздөштүрүү үчүн толук отчёт берүүнү тапшырды.

Анын айтымында, бул отчёт ишти жакшыртуу үчүн гана эмес, маянаны көтөрүү маселесин карап чыгуу үчүн дагы керек.

"Коммуналдык кызматтардын жумушчулары 19 миң сомдон кем эмес айлык алышы керек. Бирок иш жүзүндө алар 5 миңден 14 миң сомго чейин алып жатышат", — деди Амантуров.

Ал ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн акчасы максатсыз коротулуп жатканы аныкталса, жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөрүн белгилеген.

Мындан сырткары, вице-мэр жарандар ЖМК жана соцтармактар аркылуу тазалоо иштери аткарылбай жатканы боюнча арызданып жатышканын кошумчалаган.

Амантуров "Тазалык" менен "Бишкекжашылчарба" ишканаларынын жетекчилерине оозеки эскертүү берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0