Айдоочулук күбөлүк. Архивдик сүрөт

Жаңы айдоочулук күбөлүк качан берилери маалым болду

736
(жаңыланган 18:41 04.12.2019)
Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр кийинки жуманын башында, тагыраагы, 9-декабрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

Эске салсак, быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүргөн. Ал эми жаңысы басыла элек болчу. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Ал 2019-жылдын 31-декабрына чейин гана жарактуу болуп саналат.

Негизи мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 1-октябрда берилерин айткан. Андан кийин ал мөөнөт ноябрдын ортосуна жылып отуруп, декабрдын башына калган.

Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр даяр болуп калганын билдирди.

"Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын ушул аптанын аягында, 6-декабрда, Казакстандан келет. Негизи айдоочулук күбөлүк жасоо боюнча тендерди эки лот менен жарыялаганбыз. Биринчи лот — улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо боюнча тендерди Казакстандын улуттук банкына караштуу "Банкнотная фабрика" деген ишкана утуп алган. Бланк ушу жуманын аягында келет. 9-декарбрдан тарта айдоочулар "Унаа" башкармалыгына кайрылып, убактылуу бланктарын алмаштырып, жаңы айдоочулук күбөлүктөрүн ала баштаса болот. Негизи убактылуу бланктар 31-декабрга чейин жарактуу. Экинчи лот — эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо. Ал тендерди мамлекеттик "Гознак" ишканасы жеңген. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр даяр, каалоочуларга берилип жатат", — деди Бейшеналиев.

Ал жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалгасы жакшырып, сапаты да мыкты болорун кошумчалады. Жалпысынан алганда жаңы документте 20дан ашык коргоо элементтери камтылган.

Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

736
Белгилер:
документ, күбөлүк, айдоо, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Кышында кардан улам көрүнбөй калган сызыктан өткөн айдоочулар айып төлөбөйт
ЖККУ саммити учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынабы?
Кыргызстанда декабрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт
Орто-Сай базарындагы жайма базар. Архив

Күчүм жетпей жатат! Түлөбаев жайма базар боюнча УКМКга кайрылганын айтты

57
(жаңыланган 00:06 26.01.2021)
Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин соцтармакта сатуучунун мэрия кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.

Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.

Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

57
Белгилер:
жайма базар, мэр, Балбак Түлөбаев, УКМК, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив

Финполго Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова чакырылганы айтылды

131
(жаңыланган 22:46 25.01.2021)
Өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча буга чейин мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова на заседании Жогорку Кенеша в государственной резиденции Ала-Арча
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова

Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.

Өмүрбекова 2018-жылдан 2020-жылга чейин вице-премьер болуп иштеген. Исмаилова болсо ал кеткенден кийин апрель айынан октябрга чейин бул кызматты аркалаган.

Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.

Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.

131
Белгилер:
сурак, Аида Исмаилова, Алтынай Өмүрбекова, финансы полициясы
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат